Өкмөт Райым Матраимовдун кызматка келишине каршы болуп шаардык сотко даттанды

© Sputnik / Табылды КадырбековКожаный портфель на кресле. Архивное фото
Кожаный портфель на кресле. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25-июлда Биринчи Май райондук соту Матраимовдун кызматтан мыйзамсыз алынган деген доосун карап, аны канааттандырган болчу.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргызстандын өкмөтү Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун доосу боюнча Биринчи Май райондук соттун чечимине макул эместигин билдирип даттанды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине сот органдарындагы өздүк булактар билдирди.

Белгилей кетсек, 25-июлда Биринчи Май райондук соту Матраимовдун кызматтан мыйзамсыз алынган деген доосун карап, аны канааттандырган болчу.

"Өкмөттүн даттануу арызы Биринчи Май райондук сотуна жума күнү кечинде келип түштү. Эми Матраимовдун доосу менен Бишкек шаардык соту алектенет. Соттук иш 15-20 күнгө чейин каралат", — деди маектеш.

Портфельчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сот чечими. Райым Матраимов мындан кийинки кадамдары кандай болорун айтты
Райондук сот тийиштүү материалдарды жогорку инстанцияга (шаардык сотко) бүгүн, 23-августта, өткөрүп берет.

Эскерте кетсек, Райым Матраимов 2015-2017-жылдар аралыгында Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Өткөн жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков "ишенимден чыкты" деген жүйө менен аны кызматтан алган. Кийин Исаков премьерликтен кеткенден кийин Матраимов "негизсиз иштен алынганын" айтып, өкмөттү сотко берген. Ал соттон кайра мурунку кызматына турууну суранган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0