Миллионго жетти! Самара Каримова Instagram тармагындагы күйөрмандары тууралуу

© Фото / Арсен МендебаевИнтервью с певицей Самарой Каримовой
Интервью с певицей Самарой Каримовой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Редакция бир жума мурда Instagram тармагында эң көп колдонуучусу бар ырчыларды тизмектеген. Ал убакта Самара Каримова 981 миң катталуучу менен биринчи орунда, 949 миң күйөрманы менен Анжелика экинчи сапта болчу.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Эстрада ырчысы Самара Каримова Кыргызстанда алгачкылардан болуп өзүнүн Instagram социалдык тармагына миллион катталуучу топтой алды. Ал бул туурасында маалыматты өздүк баракчасына жайгаштырды. 

Каримова жаңылыгы менен бөлүшүп, күйөрмандарына жана ЖМК өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирген.

"Баарыңыздарга чон рахмат. Абдан кубанып, толкундап турам. Ар бириниздерге ыраазычылык билдирем. Мени колдогон телевидение, радио, газета, журнал, сайттар, урматтуу журналисттер, жалпы кесиптештерим, менин сүйүктүү күйөрмандарым, баарыныздарга таазим! Ар бир ийгилигим сиздер үчүн. Бул 1 000 000 сиздерге. Кыргызстаныбыз өссүн, миллиондор көбөйө берсин" — деп жазган ырчы.

Редакция бир жума мурда Instagram тармагында эң көп колдонуучусу бар ырчыларды тизмектеген. Ал убакта Самара Каримова 981 миң катталуучу менен биринчи орунда, 949 миң күйөрманы менен Анжелика экинчиде, ал эми үчүнчү сапта 858 миң катталуучу менен Нурлан Насип болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0