Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Бишкек мэриясы окуучу жетишпеген үч мектепти атады

© Sputnik / Табылды КадырбековШкола №86 в жилмассиве "Калыс-Ордо"
Школа №86 в жилмассиве Калыс-Ордо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, бишкектиктер балдарын эл оозуна алынган мектептерде окутууну туура көрүшөт.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Борбор калаада окуучулар дайыма жетишсиз болуп келген үч мектепти мэриянын алдындагы Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова атады.

Адис бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн "Кыргызстандын мектептериндеги орундун тартыштыгы. Маселе кантип чечилет?" деп аталган тегерек стол маалында айтты.

"Кеп №14, 39 жана 53чү мектептер туралуу болуп жатат. Болгону бул мектептердин жанында эл оозуна алынып калган лицейлер жайгашып калган. Ошондуктан шаар тургандары балдарын ошол жактарга окутууну туура көрүшөт", — деди Исакова.

Тегерек столдун катышуучуларынын айтымында, негизинен Бишкектеги аты чыккан жана жаңы конуштардагы мектептерде орун тартыш.

Жаңылыктар түрмөгү
0