Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Бизнесмендер күйдүргүнүн очогунан суу чыгарат. Айыл тургундарынын даты

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүПроизводство питьевой бутилированной воды
Производство питьевой бутилированной воды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пригородное айылынын тургундары бийлик күйдүргүнүн очогуна артезиан скважинасы менен ири дүкөндөрдү курууга уруксат берип, бирок мектепти кеңейтүүгө жол бербей жатканына түшүнбөй турган чактары.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Бийлик күйдүргүнүн очогу бар деп Пригородное айылына мектеп курууга тыюу салган. Анткен менен ал жакта артезиан скважинасы, мал сойгон жай жана ири дүкөндөр иштеп жатат деп айыл мектебиндеги ата-энелер комитетинин төрайымы Айжан Мусабаева ачууланды.

Эскерте кетсек, бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттигинде мультимедиалык борборунда "Кыргызстандын мектептериндеги орундун тартыштыгы. Маселе кантип чечилет?" деген аталышта тегерек стол өттү.

Мусабаеванын айтымында, жергиликтүү мектепте окуучу төрт эсе көп болгондуктан балдар сарайларда окууга аргасыз болуп жатат.

"Учурда мектепте 1420 окуучу билим алууда. Сабактар коридордо, спорт залда жана сарайда төрт смен менен (7.00дөн 20.00гө чейин) өтүлүп жатат. Дагы бир мектеп курууга тыюу салышкан. Анда эмнеге бизнесмендерге имарат курууга уруксат берилип жатат?" — деди Мусабаева.

Всемирный день борьбы с туберкулезом в Индии - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда 11 киши күйдүргү дартына шектелип, ооруканага жаткырылды
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлү Сулайман Эрназаров бул аймакка жаңы мектеп куруу мыйзамды одоно бузууга жатарын айтты.

"Эгер айылга мал союучу жай менен эт комбинаты курулган болсо, демек уруксат жергиликтүү бийлик тарабынан берилген. Бизде мыйзам боюнча санитардык-коргоо зонасы күйдүргүнүн очогунан миң метр алыстыкта болушу керек. Пригородное айылында андай үч очок бар. Күйдүргү мал өлгөндөн кийин жүз жыл өтсө да коркунуч жарата берет", — деди Эрназаров.

Ал эми Пригородное айылынын айыл өкмөт башчысы Сактанбек Паязов дүкөндөр менен мал союучу жайлар мындан 10-15 жыл мурда эле курулганын билдирди.

"Мен бул кызматта бир жылдан бери иштеп жатам. Бул убакыт аралыгында бир дагы курулуш иши аткарылган жок. Учурдагы көйгөйдү өкмөткө чейин жеткирдик. Өзүбүз болсо колдон келген аракеттерди жасап, мектепке караштуу имараттарды класстарга ылайыкташтырып жатабыз", — деди ал.

Адистер белгилегендей, Чүй облусу менен Бишкек шаарында мектептин жетишсиздиги курч бойдон калууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0