Дмитрий Медведев. Архив

Медведев жаракат алып жолугушуулардан баш тартууда

708
(жаңыланган 14:53 25.08.2018)
Премьер кандай жаракат алганы ачык айтылган жок.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин бир нече күндөн бери эл алдына чыкпай жатканынын негизги себеби — анын спорттук жаракаты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды. 

Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар өкмөт башчынын акыркы күндөрү жумушчу графигиндеги жолугушуулар өткөрүлбөй жатканын жазып чыгышкан. Бул маалыматты министрлер кабинетинин маалымат кызматы дагы тастыктап, себебин түшүндүрдү.

​"Медведев спорт менен машыгуу маалында жаракат алган. Ошол себептүү жолугушууларды өткөрө албай жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Премьер кандай жаракат алганы ачык айтылган жок.

708
Белгилер:
ден соолук, жаракат, Дмитрий Медведев, Россия
Нападающий сборной Кыргызстана Абай Боколеев во время тренировки

Абай Боколеевдин атасы көз жумуп, футболчу Япониядан мекенине учуп кетти

2
(жаңыланган 10:46 13.06.2021)
Футболчу улуттук команданын курамында дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Япониянын Осака шаарында мелдештерге катышып жүргөн.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кечээ, 12-июнь күнү, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу Абай Боколеевдин атасы көз жумду. Бул тууралуу Кыргызстан футбол союзунан кабарлашты.

"Мындан улам футболчу биринчи каттам менен мекенине учуп кетти", — деп айтылат билдирүүдө.

Бегилей кетсек, улуттук команда дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Япониянын Осака шаарында мелдештерге катышып жүргөн. Буга чейин эки оюн көрсөткөн команданын алдыда дагы бир оюну бар. Кыргызстандык футболчулар 15-июнь күнү Япониянын курама командасы менен беттешет.

2
Белгилер:
Абай Боколеев, өлүм, ата, футбол, Япония, Кыргызстан
Аялдар кол чатырлар менен жаан учурунда. Архив

Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

8
(жаңыланган 10:27 13.06.2021)
Синоптиктер апта ичинде кээ бир аймактарда гана өткүн өтүп, калган учурда күн ачык болорун божомолдоп жатат.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, борбор калаада дүйшөмбүдөн жекшембиге чейин күн чайыттай ачык болуп турат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусу

14-18-июнь күндөрү тоолуу райондордо өткүн өтөт, дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. Ал эми 19-июнда күн ачык болот.

Талас облусу

14-15-июнь күндөрү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтөт, бирок дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 16-17-июнда күн чайыттай ачылат. Ал эми 18-июнда асманды ала булут каптап, өткүн өтөт. 19-июнда кайра эле ачык болот.

Ош, Жалал-Абад облустары

14-июнда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, бийик тоолорго кар түшөт. Кээ бир райондордо жамгыр катуу жаашы күтүлөт.

15-16-июнда кээ бир райондордо өткүн өтүп, өрөөндөрдө жамгыр жаабайт.

17-18-июнда тоолуу жерлерде өткүн өтүп, бирок дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 19-июнда күн толугу менен ачылат.

Баткен облусу

14-15-16-июнда кээ бир райондордо өткүн өтөт. 17-19-июнь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.

Ысык-Көл облусу

Дүйшөмбүдөн жумага чейин кээ бир райондордо өткүн өтүп, ал эми дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Апта аягында күндүн көзү бузулбайт.

Нарын облусу

14-июнда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, кээ бир райондордо жаан-чачын жаайт. 15-17-июнда күн ачык болот, кээ бир райондордо гана өткүн өтөт.

18-июнда тоолуу райондордо өткүн өтөт, бирок дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 19-июнда күн ачык болот.

8
Белгилер:
күн, жамгыр, аймак, апта, Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Катуу шамал үч адамды жабыркатып, Чүйдөгү мектептин чатырын учуруп кетти. Видео
Күн 37 градуска чейин ысыйт. Июнга карата аба ырайы