Сооронбай Жээнбеков. Архив

Түркмөнстанда Арал деңизин сактап калуунун жолдору талкууланууда

93
(жаңыланган 10:56 25.08.2018)
Аралды сактоо эл аралык фонду 1993-жылы 4-январда Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттеринин чечими менен түзүлгөн.

АВАЗА, 24-авг. — Sputnik. Түркмөнстандын Аваза шаарында Аралды сактоо фондусун негиздеген мамлекет башчыларынын саммити башталды. Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ардактуу конок катары катышууда.

Аталган жыйындын алкагында Борбор Азия мамлекет башчыларынын бирдиктүү билдирүү жасоосу каралган.

Бул жыйында Аралды сактап калуу боюнча жасалып жаткан иштердин жыйынтыгы тууралуу маалымат берилип, деңиз бассейниндеги мамлекеттерге жардам берүү боюнча консептуалдык программанын долбоору каралат.

Аталган программанын негизги максаты элдин жашоосун жакшыртуу, экологиялык жана социалдык-экономикалык маселелерде кызматташууну жандантуу, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана Борбор Азия мамлекеттерин климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу болуп саналат.

Аралды сактоо эл аралык фонду 1993-жылы 4-январда Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттеринин чечими менен түзүлгөн. Фонд 2008-жылдын декабрынан тарта БУУнун Башкы ассамблеясында байкоочу статусуна ээ болгон. Кыргызстан аймактагы айрым мамлекеттердин кызыкчылыгы эске алынбай, кыргыз тарап сунуштаган реформалар ишке ашпай жатат деген жүйө менен 2009-жылы фондунун ишине мүчө катары катышпай турганын айтып, 2016-жылы аны токтотуп койгон.

Аралды сактоо эл аралык фондусуна Түркмөнстан 2017-2019-жылдары төрагалык кылат.

93
Белгилер:
деңиз, сактоо, саммит, Сооронбай Жээнбеков, Арал деңизи, Түркмөнстан, Кыргызстан
Тема:
Жээнбековдун Түркмөнстанга болгон мамлекеттик сапары (9)
(NaN:NaN / NaNMb / )

Кыргызстандык кыз катышкан "Ты супер!" шоусу. Түз алып берүү

47
Sputnik эл аралык агенттиги жана радиосу менен НТВ телеканалынын биргелешкен долбоорунун биринчи чыгарылышына күбө болуңуздар.

"Ты — супер!" шоусу — НТВ телеканалы менен Sputnik эл аралык агенттиги жана радиосунун ири долбоору. Ага КМШнын аймагындагы вокалдык таланты бар балдар катышат. Бүгүн мызкалык конкурстун төртүнчү сезону башталып, анда Кыргызстандын атынан 18 жаштагы Карина Амринова ат салышууда.

"Ты — супер!" сынагына катышкан Карина Амринова: ар бир ырым апама арналат

Долбоордун максаты ата-энесиз калган жаш өнөрпоздорго мүмкүнчүлүк берүү болуп саналат.

47
Белгилер:
"Ты – супер" балдар долбоору, вокал, музыка, долбоорлор, Карина Амринова
Тема боюнча
"Ты супер!" финалына чыккан балдар үйлүү болушту. Ыйлаткан видео
Тывалык бала "Ты супер" сынагында өзгөчө үнү менен калыстарды таң калтырды
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт

Россияга барыш үчүн кыргызстандыктар ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек

166
(жаңыланган 22:55 20.09.2020)
Пандемиядан улам дээрлик бардык мамлекеттер чек арасын жаап, байланыш чектелген. Эпидемиологиялык абал турукташа баштагандан бери каттамдар жанданууда.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Россияга барууну каалаган кыргызстандыктар коронавируска тапшырган тести терс жыйынтык көрсөткөнү тууралуу маалым катын көрсөтүшү керек. Бул тууралуу КРдин РФтеги элчилиги кабарлады.

Маалыматта эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу авиакаттам жандангандыктан 21-сентябрдан тарта  аба жолдору ачылганы айтылат.

Эми кыргызстандыктар Казакстанга учак менен гана бара алышат

"Азырынча рейс жумасына эки ирет "Аэрофлот" жана "Авиа Траффик" компаниялары аркылуу аткарылып турмакчы", — деп жазылат кабарда.

Ал эми тестти жүргүнчү Россиянын аймагына киргенге чейинки үч күндүн аралыгында тапшырышы зарыл.

166
Белгилер:
тест, коронавирус, элчилик, авиакаттам, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Жалал-Абад шаарындагы айрым чектөөлөр алынмай болду
Премьер-министр Россияга болгон авиакаттамдарга чектөөлөр алынарын айтты