Кыргызстанда кооптуу грипптин эпидемиясы башталдыбы? Министрликтин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековСезонный рост заболеваемости гриппом и ОРВИ в Бишкеке
Сезонный рост заболеваемости гриппом и ОРВИ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул илдеттин негизги белгилери — дене табынын көтөрүлүшү, алсыздык жана ичтин өтүшү.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстанда Whatsapp мессенджери аркылуу кооптуу грипп тууралуу спам-билдирүүлөр тарап кетти.

Анын автору бул илдетке кабылгандардын дене табы көтөрүлүп, алы кетип, ичи өтө турганын айтат. Ошондой эле ал кыргызстандыктарды коомдук жайларда сак болуп, медициналык бет кап кийип жүрүүнү сунуштайт.

Бирок Ооруларды алдын алуу департаментинин бөлүм башчысы Динагүл Оторбаева бул маалымат чындыкка туура келбестигин айтты.

"Жай мезгилинде энтеровирустук жана ичеги инфекциялары көп кездешет. Анын баары жер-жемишти жуубай жегенде, азык-түлүктү ысык жерге сактоо маалында пайда болот. Бул илдетти жуктуруп алгандардын ичи өтүп, дене табы көтөрүлөт", — деди дарыгер.

Мындан тышкары, Оторбаева оорунун алдын алуу үчүн жер-жемишти дасторконго коердон мурда таза жууш керектигин эскертти. Болбой эле илдетти жуктуруп алгандар дароо дарыгерге кайрылышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0