Урматтуу президент, өмүрүм коркунучта! Экотехинспекциянын өкүлү агынан жарылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовКоррупция в КР
Коррупция в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анара Мамбеталиева президентке видео кайрылуу жасап, өмүрү коркунучта экенин белгиледи.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылды. 

Ал өз сөзүндө инспекциядагы коррупция боюнча ооз ачкандан бери ага коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканын билдирген.

"Мен буга чейин инспекциядагы коррупцияга байланышы бар адамдарга эскертүү берип, бул боюнча акырына чейин күрөшөм дегенден бери өмүрүмө коркунуч туулуп жатат. Мени каралоо аракеттери да болууда. Урматтуу президент, укугумду жана үй-бүлөмдү коргоп берүүңүздү өтүнөм", — деди Мамбеталиева.

Маалымат катчы арты таза эмес деп эсептеген кесиптештеринин аттарын дагы атап өткөн.

Как задерживали депутата местного кенеша и чиновника со взяткой. Видео - Sputnik Кыргызстан
Ноокатта пара алып жаткан жеринен айылдык кеңештин депутаты кармалды. Видео
"Инспекциядагы коррупцияга бөгөт коюу максатында үч адамдын атын атап кетүүгө бел байладым, алар — статс катчы Таалай Асылбеков, кадр бөлүмүн жетектеген Самат Керимкулов, финансы башкармалыгынын жетекчиси Гүлкайыр Жумашева. Дал ушул адамдар мамлекетке таандык акчалардын бардыгын туура эмес нукка пайдаланып жатканына мен гана эмес, башка инспекторлор дагы күбө", — деди Мамбеталиева.

Ал ошондой эле буга чейин инспекциянын башчысы Жолдош Жунушовго кайрылып, коррупцияга катышы бар делген адамдардын атын санап бергенин, анын негизинде комиссия түзүлгөнүн билдирди.

"Ал комиссия аты аталган адамдардын иши таза эмес экендиги тууралуу кабар беришкен, бирок жыйынтыгы эмнегедир так чыкпай мени кызматтан алып отурушат", — деди ал.

Мамбеталиева эми президенттен акыйкат издей турганын кошумчалаган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Анара Мамбеталиева коррупцияга тийиштиги бар деп айыптап жаткан инспекциянын кызматкерлери менен байланышууга аракет жасады.

Финансы башкармалыгынын жетекчиси Гүлкайыр Жумашева учурда шаардын четинде жүргөнүн айтып, комментарий берүүдөн баш тартты. Кадр бөлүмүнүн башчысы Самат Керимкулов менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Бир гана статс-катчы Таалай Асылбеков окуяга өз пикирин билдирди.

Митинг Анары Мамбеталиевой - Sputnik Кыргызстан
Экотехинспекциянын иштен айдалды делген кызматкери боюнча орун басар үн катты
"Анара Мамбеталиева мыйзамсыз негизде иштен алынганын айтып жатат. Бирок мыйзамда мамлекеттик кызматкерге уруксаты жок акция өткөрүүгө тыюу салынган. Бул нерсе 22-берененин 1-бөлүгүндө так көрсөтүлгөн. Мамбеталиева болсо иш учурунда кабылдамага келип акция өткөргөн. Буга өзү интернетке жүктөгөн сүрөттөрү далил. Ал ишке кирип жатканда да мындай эрежеге макулмун деп кол коюп берген", — деди Асылбеков.

Ал ошондой эле Мамбеталиеванын коррупция боюнча айыптоолорун четке какты.

"Биз расмий түрдө Башкы прокуратура менен Эсеп палатасына кайрылып, Мамбеталиева көрсөткөн фактылар боюнча текшерүү өткөрүүнү суранып кайрылдык. Ал эми коркутуулар болуп жатат дегени чындыкка дал келбейт. Оор айыптоо болгондуктан далилдерин алып келсин", — деди статс катчы.

Ал ошондой эле Мамбеталиева командировкага деп бир нече ирет акча алып бирок бухгалтерияга отчет бербегендиктен айлыгынан кармап калышкандан бери чуу сала баштаганын кошумчалады.

Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Анара Мамбеталиева өзү арыз менен кайрылмайын анын видео кайрылуусуна реакция болбой турганын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0