Акаев, Атамбаев, Жээнбеков. Күлгүндөй жапжаш кездери. Сүрөттөр

© Фото / из личного архива Сооронбая ЖээнбековаАрхивные фотографии новоизбранного президента КР Сооронбая Жээнбекова
Архивные фотографии новоизбранного президента КР Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги эл башында, калк көзүндө жүргөндөрдүн күлгүндөй жаш кезиндеги сүрөттөрүн чогултту. Анда али жаш кез, калк ээрчиткен хан, журт атасы болом, анан мамлекеттин зылдай оор жүгүн көтөрүп, миллиондогон элдин тагдырын калчайм деген ой келбеген чыгар.

Төмөндө Кыргызстандын президенттери менен өкмөт башчыларынын бир катарларынын сүрөттөрүн окурмандарга тартуулайбыз.

Аскар Акаевдин политехникалык институтта сабак берип жүргөн учуру. 1977-жыл.

Сүрөттүн алдына жазылган пикирлерге караганда, ирмем 1977-жылы тартылган экен. Анда тунгуч президент Фрунзедеги политехникалык институтта сабак берип жүргөн. Сүрөттү кесиптеши Александр Гофман жүктөгөн.

Акаев Кыргызстандын тунгуч президенти, бийликте 1990-2005-жылдары турган. Кыргызстандагы саясий окуялардан кийин Россияга чыгып кеткен, учурда Москва шаарында жашайт.

Кыргызстандын төртүнчү президенти Алмазбек Атамбаевдин 1977-жылы тартылган сүрөтү. Москва шаары 

© © фото из личного архива Алмазбека АтамбаеваКыргызстандын төртүнчү президенти Алмазбек Атамбаевдин 1977-жылы тартылган сүрөтү. Москва шаары
Фотофакт: Атамбаев с прической, как у битлов, — 40 лет назад - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын төртүнчү президенти Алмазбек Атамбаевдин 1977-жылы тартылган сүрөтү. Москва шаары

Бул ирмемди өткөн жылы экс-президенттин жеке сүрөтчүсү Султан Досалиев социалдык тармакка чыгарган.

Сооронбай Жээнбековдун студенттик учуру, комсомолдук курагы. 1970-жылдын аягы, 1980-жылдын башы. 

© Фото / из личного архива Сооронбая ЖээнбековаСооронбай Жээнбековдун студенттик учуру, комсомолдук курагы. 1970-жылдын аягы, 1980-жылдын башы.
Архивные фотографии президента КР Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбековдун студенттик учуру, комсомолдук курагы. 1970-жылдын аягы, 1980-жылдын башы.

Жээнбеков он бир туугандын алтынчысы. Эмгек жолун мугалим жана зоотехник болуудан баштаган. Бала кезден токтоо, жоопкерчиликтүү болгонун классташтары, достору айтып берген жайы бар. Анын балалыгы, жаштыгы, үй-бүлөсү тууралуу атайын сүрөт түрмөктөн жакындан таанышсаңыз болот

Сооронбай Жээнбеков – Кыргызстандын бешинчи президенти. 2017-жылы өлкө башчы болуп шайланган

Коомдук жана мамлекетик ишмер Феликс Кулов. Жаш лейтенант.

Кулов ички иштер органында 30 жылга чукул иштеген. Андан кийинки экс-милиционерге эл башкаруу шыбагасы туура келген. Кулов бийликтеги үзөңгүлөштөрү туурасында алды-кийин эскерүүлөрдү айта жүрөт.

Кулов 1992-1993-жылдары вице-президент, ал эми 2005-2007-жылдары премьер-министр болгон.

Өмүрбек Бабановдун өспүрүм кезиндеги сүрөтү.

Ал атасы, энеси болуп түшкөн үчөөнүн сүрөтүн социалдык тармакка жайгаштырып, атасы тууралуу эскерүү жазып, "Ата, Сизге чоң рахмат!" деп бүтүргөн. Атасы — Токтогул Бабанов "Россия" атындагы миллионер-колхоздо 20 жыл башкарма болуп иштеген. 

Коомдук ишмер, ишкер, саясатчы жана мамлекеттик ишмер Өмүрбек Бабанов ага карата козголгон кылмыш ишинен кийин учурда өлкөнүн сыртында баш калкалап жүрөт.

Өмүрбек Бабанов 2011-2012-жылдары премьер-министр болуп иштеген.

Сапар Исаковдун студент кездеги учуру. Сүрөт 2002-жылы тартылган экен.

Социалдык тармакка коюлган бул сүрөттүн алдына "2002-жыл, Солдон экинчи Сапар Исаков. Ал өзүнүн студенттик командасы менен турат", — деп жазылган.

Учурда өкмөт башчысы коррупцияга шектелип, УКМКнын тергөө абагында отурат. Исаков өзүнүн башка кесиптештери сымал эле премьер-министрлик кызматта көпкө турган жок.

Сапар Исаков кыргыз өкмөтүн 2017-2018-жылдары башкарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0