Фантазия нөл, изденгенди билесиңерби?! Тамада кыжырды кайнатканда

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүЦеремония награждения победителей VI кинофестиваля хоррор-фильмов "Капля"
Церемония награждения победителей VI кинофестиваля хоррор-фильмов Капля - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектепти директор, мамлекетти президент, тойду тамада башкарат экен. Эгер тамада жакшы болсо мааракеңиз көркүнө чыгып, шаңдуу өтөт. Албетте, тилиң буудай куурубаса 300-500 адамдын көңүлүн алуу оңой эмес. Андыктан бул кызматты аркалоо ар кимдин эле колунан келе бербейт.

Карай келсек күндүзү акын, теле алып баруучу, диджей, куудул, тамашоучу болгондор кечинде микрофон кармап "Эки жаман тоого чыкса кубалашып түшөт, эки жакшы тоого чыкса кудалашып түшөт" деп сүйлөп калат. Бирок алардын бардыгын эле коноктор жактыра бербейт имиш.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги тамаданын кыжырга тийген учурларын тойго көп барган ага-эжелерден сураштырып көрдү.

Презентации фильмов в рамках 92-ого Российского Международного Кинорынка в Москве - Sputnik Кыргызстан
Той-ашта минтип биз деле созуп коебуз! Ырчылар кыжырды кайнатканда
Өз тоюма өзүм ээлик кыла албай калганда. Кээ бир тамадалар өзүн хан сезип алат. Конокторду бул жакка кой, той ээсин да укпайт. Бир нерсе десең эле "өзүм билем, мага аралашпагыла" дейт. Айлап-жылдап, ичпей-жебей акча топтоп той өткөрүп жатсаң, анан бир саат мурда келген киши "өзүм билем" деп чыкса жаман болот экенсиң. Мен деле тоюм начар өтсүн дебейм, бир аз акылдашып койсоңор боло. Өткөндө атайын даярданып келген жээнимди ырдатпай, өмүр бою катташып жүргөн досумду эки ооз сөз сүйлөтпөй куураттыңар го.

Издениш керек да… Мен сезон башталганда айына төрт-беш тойго барам. Тамадасы башка болгону менен программасы коёндой окшош. Сүйлөгөн сөзүнөн ойноткон оюндарына чейин жаттап каласың. Тууганыңды сыйлап эле келбесең тамададан кызык нерсе күтпөй калдым. Баягы эле сөз, баягы эле оюндар. Кичине изденсеңер боло, фантазияңар ушунчалык эле нөл болуп жатса коңшу казак, өзбек туугандардын программасын уурдап болсо да алып келгилечи.

Жүдөмүш тамада. Кычырап кийинип, чачты кайрып "кыжалат болбоңуз, кыйратам" деп турса ага ишенип тоюңду табыштайсың. Анан эле той башталганда айласын таппай калат. Ары басып, бери басып жүдөп, беш сааттын ичинде эки гана музыкалык антракт бергенге жетишет. Бийлейм деп теминип отургандардын деми сууп, көк пакетин көтөргөн бойдон үйүнө кайтат. Сүйлөсө зээригип кетесиң, аны укпай эле ар ким өзүнчө кобурашып отуруп калат. Ошентип аягында бата берейин десең коноктордун жарымы кетип калган болот.

Жаш балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Колду чөнтөккө салып, момоюп турбагылачы. Достор кыжырды кайнатканда
Күлдүрбөй эле койчу. Тойго бешиктен бели чыга элек наристеден ак сакалын жайкалткан аталарга чейин келерин айдан ачык билишет. Анан элди күлдүрөм деп жеңебиздин абийирин төгүп, байкебизди шылдыңдап, анысы аз келгенсип уяттуу тамашаларды айтканда жерге кирип кетейин дейсиң. Ошондон көрө бир музыка коюп койсо унчукпай угуп отурмакпыз.

Ушул кантип болсун… Тойдо оюн уюштурат экенсиңер эми ал жагын сен сураба, мен айтпайын. Жалаң достор же корпоративдик кече болсо мейли эле. Кары-жашы аралаш келген туугандардын көзүнчө кучакташмай, астына отурмай, анысы аз келгенсип эркектерди чечинтмей оюндарын уюштургандар бар. Келиндер кайнагаларынын көзүнчө же күлө албай же сыртка чыгып кете албай ыңгайсыз абалда калышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0