Жээнбеков Алтайдын кыргыздар үчүн маани-маңызы канчалык экенин айтты

Жазылуу
Көөнөрбөс көчмөндөр цивилизациясы изилдөөчүлөрдүн кызыгуусун арттырган керемет дүйнө бойдон калууда.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 27-августта Алтай тектүү элдердин тарыхын жана маданиятын изилдөөчүлөрүнүн эл аралык 61-туруктуу конференциясынын ачылыш аземине катышты.

"Бүгүнкү конференциянын ишине Батыш менен Чыгыштын көрүнүктүү жана абройлуу окумуштары катышып отурасыздар. Алтай тектүү элдердин тарыхын жана маданиятын изилдөөчүлөрдүн эл аралык туруктуу конференциясы дүйнөнүн булуң-бурчунан илимпоздорду чогулткан эл аралык аянтча. Бул конференция алтымыш жыл мурда, 1957-жылы Мюнхен шаарында болуп өткөн 24-эл аралык чыгыш таануучулар конгрессинин чечими менен түзүлгөн. Ошондон бери алтай таануучулардын эл аралык конференциясы жыл сайын өткөрүлүп келет. Мындай туруктуулук Алтай мурасы, тарыхы менен маданиятына кызыгуунун жогору экенин билдирет", — деди Жээнбеков.

Ал конференциянын эл аралык масштабдагы институтка айланышы ушул чөйрөдөгү илим изилдөөчүлөрдүн натыйжалуу эмгеги менен бекем байланыштуу экенин белгиледи.

Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлзада Билбаева - Sputnik Кыргызстан
Радио
Билбаева: Алтай конференциясы кыргыз тилин өнүктүрүүгө салым кошот
Долбоорду 2007-жылдан бери жетектеп келе жаткан Берлин университетинин түрк таануу институтунун директору Барбара Кельнер-Хайнкелеге рахмат айтып, эл аралык конференцияны 2018-жылы Кыргызстанда өткөрүү демилгесин колдогондугу үчүн Барбара айымга жана конференциянын өткөн жылкы төрагасы венгриялык профессор Акош Апотоцкиге ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле конференцияга катышып жаткан белгилүү Алтай таануучу илимпоздорго да алкыш айтты.

"Жыл сайын өтүп туруучу эл аралык конференция илимпоздор үчүн Алтай цивилизациясына таандык элдердин мурасы, тили жана маданияты жөнүндө илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын талкуулап, пикир алмашууга мүмкүнчүлүк берет. Кыргыздар үчүн Алтай темасы символикалуу мааниге ээ. Улуу Манас бабабыздын Алтайда төрөлүшү эле кыргыз баласынын жүрөгүндө Алтай тууралуу өзгөчө ыйык, өзүнө тарткан, тереӊ сезимдерди жаратат", — деген президент.

Ал археологиялык, этнографиялык, фольклордук жана жазма булактар боюнча Алтайдан тараган, азыр Жер ортолук деӊизден тартып, Тынч океанга чейинки кеӊ мейкиндикти жердеп турган элдин көпчүлүгү тектеш экенин, алар сыяктуу эле кыргыздар да Алтай жергесин өздөрүнүн түпкү мекени деп эсептегенине токтолду.

Президент Алтай цивилизациясынын тарыхына кайрылып, Памир-Алай, Тянь-Шань тоолорунан Саян-Алтай, Энесайга чейинки аралыктын табияты дээрлик окшоштугун айтты. Ушул аймакта көптөгөн элдердин улут болуп калыптануу процесси жүрүп, азыркы күнгө чейин ошол кездердеги маданияттын издери сакталып калгандыгын айтты.

Татарстандын президенти Рустам Минниханов Алтай цивилизациясы форуму учурунда - Sputnik Кыргызстан
Татарстандын президенти "Алтай цивилизациясы" форуму маанилүү экенин айтты
Көөнөрбөс көчмөндөр цивилизациясы изилдөөчүлөрдүн кызыгуусун арттырган керемет дүйнө бойдон калууда. Тарыхта белгилүү болгон элдердин Улуу көчү дал ушул Алтай цивилизациясы менен байланыштуу. Маданияттар жуурулушуп тилдик, антропологиялык жана расалык өзгөрүүлөр жаралган. Гунндар, Түрктөр, Кыргыздар, Монголдор, Мамлюктар, Тимурийлер, Осмонийлер, Австро-Венгерлер сыяктуу империялардын жаралышына түрткү болду.

"Бул жөнүндө тарыхый эстеликтер бар. Ошол улуу тарыхтын мураскерлери үчүн бул булактар өтө баалуу. Мисалы, Орхон-Энесай жазуулары, анын ичинде Барсбек каган тууралуу жазма эстеликтер, ошондой эле Кыргыздын Улуу дөөлөтү жөнүндө маалыматтарды баса белгилесек болот. Биз Алтай мурасын терең изилдеп, элди эл кылган баалуулуктарды, көркөм дөөлөттөрдү кийинки муундарга жеткирүүгө жана маданиятты да байытууга милдеттүүбүз", — деп белгиледи президент.

Ал конференция алдына койгон максаттарына жетет деген терең ишенимин билдирди.

"Илим чөйрөсүндө Алтай цивилизациясы, Алтай тектүү элдер деген түшүнүктөрдүн айланасында талаш-тартыш маселелер жашап келет. Сиздер ошол маселелерди терең изилдеп, белгилүү тыянактарды чыгарасыздар деп ойлойм", — деп белгиледи президент.

Эске салсак, былтыр "Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдердин форуму" Кыргызстанда өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0