Депутат Асылбек Жээнбеков тууралуу 6 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин мурдагы спикери, депутат Асылбек Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, депутат Асылбек Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 27-августта, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, депутат Асылбек Жээнбековдун жарыкка келген күнү. Эл өкүлү 55 кутман курагын белгилеп жаткан кези.

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков тууралуу кызыктуу фактыларды чогултту.

Кара-Кулжада өткөн балалык. 1963-жылы 27-августта Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Биймырза айылында туулган. Атасы Шарип эл-журтка таанымал, колхоздун башкармасы болгон. Жээнбековдорду жакындан билгендер алардын энеси Самара балдарын карап үйдө болгондугун жана негизинен бул үй-бүлө оокаттуу тургандыгын айтышат. 1985-жылы Асылбек Жээнбеков К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн.

© Sputnik / Табылды КадырбековАсылбек Жээнбеков Айыл чарба институтун аяктаган соң эмгек жолун Ош облусундагы "Ак-Жар" совхозунда агроном болуп баштаган
Экономический форум Евразийская экономическая перспектива в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Асылбек Жээнбеков Айыл чарба институтун аяктаган соң эмгек жолун Ош облусундагы "Ак-Жар" совхозунда агроном болуп баштаган

Он бир туугандын сегизинчиси. Асылбек Жээнбеков 10 бир тууган. Үйдүн улуусу Кантөрө Токтомаматов саясатка көп аралашпаган, илим менен жүргөн, токтоо адам болгон. Ал Жалал-Абаддагы экономика жана ишкерлик университетинин президенти, илимдин доктору, профессор эле. Былтыр 28-апрелде оорудан улам көз жумган. Ортодо эки кыз — Алтын жана Гүлайым Шариповалар бар. Төртүнчүсү — Искендер Шарипов жаш кезинде эле каза болуп калган. Ал 28 жашында Ош облусунун прокурору болуп, мыкты юрист катары бааланган. Бешинчиси — Жусупбек Шарипов Кыргызстандын Кувейттеги элчиси. Мурда Жалал-Абад облусунун губернатору болгон. 2005-жылдагы президенттик шайлоого талапкер катары катышкан. Алтынчысы — учурдагы Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Андан кийин Атыргүл Жээнбекова деген эжеси бар. Эже-карындаштары тууралуу толук маалымат деле жок. Сегизинчиси Асылбек Жээнбеков болсо, андан кийин Жылдыз аттуу карындашы жана Жыргалбек аттуу иниси бар.

Присяга членов правительства КР во главе с Мухаммедкалыем Абылгазиевым - Sputnik Кыргызстан
Таш тизип, чөп ташыган министр. Кубатбек Боронов тууралуу 6 факты
Агрономдон ЖК төрагасына чейин. Асылбек Жээнбеков Айыл чарба институтун аяктаган соң эмгек жолун Ош облусундагы "Ак-Жар" совхозунда агроном болуп баштаган. Андан соң "Шариф", "Искен", "Агрозооветсервис" ишканаларын башкарып жүрүп саясатка 2007-жылы келип, КСДПга мүчө болгон. Ошол эле жылы Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Андан кийин парламенттин V, VI чакырылышынын депутаты болгон. V чакырылышта Жогорку Кеңешти төрт жыл, 2015-жылга чейин башкарса, VI чакырылышта бир жыл спикер болуп иштеп, агасы Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болуп дайындалгандыгына байланыштуу өз эрки менен төрагалык кызматты өткөрүп берген.

Алты баланын атасы. Асылбек Жээнбековдун алты баласы бар. Айрым маалымат булактарынын билдирүүсүнө ылайык, кызы жергиликтүү ЖОЖдордун биринде окуйт. Ал эми улуу баласынын социалдык тармактагы баракчасын карап көрсөк, ал Каржы-экономикалык техникумун аяктап, учурда Кыргыз-орус славян университетинде билимин жогорулатып жаткан кези экен. Калгандары мектеп курагында.

Жубайы. Асылбек Жээнбековдун жеке жашоосу жана жубайы жөнүндө көп айтылбайт. Бизге белгилүү болгон маалыматтарга караганда, келинчеги балдарды тарбиялоо менен алектенип, үйдө отурат.

Байлыгы. Киреше жана мүлк декларациясына ылайык, 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков спикер катары 1 миллион 14 миң сом айлык акы алса, жарандык-укуктук келишимдердин негизинде 1 миллион 24 миң сом каражатка ээ болгон. Жыйынтыгында Асылбек Жээнбековдун жылдык кирешеси ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдикинен эки эсе көп экени белгилүү болгон.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы болчу
Президент Алмазбек Атамбаев встретился с Торага Жогорку Кенеша Асылбеком Жээнбековым. - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы болчу

Асылбек Жээнбеков өз декларациясында төмөнкү мүлккө ээ экендигин көрсөткөн:

1,5 миң чарчы метр аянттагы үй;

12,7 миң чарчы метр аянттагы имарат жана курулуштар;

3,5 миң чарчы метрде жайгашкан кафе-ресторандар;

9 миң чарчы метр айдоо жери.

2014-жылы депутат фирмалардын аталышын көрсөтсө, быйыл аларды тактаган эмес.

Маалыматка ылайык, Асылбек Жээнбековдун туугандарынын менчигинде 15,7 чарчы метр аянттагы унаа токтотуучу жай, жалпы аянты 184,6 чарчы метрди түзгөн эки батир катталган. Мындан тышкары, жакындары белгисиз компаниянын акцияларынын 86 пайызына ээлик кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0