Ошто 1-сентябрь күнү коомдук транспорт окуучуларды бекер ташыйт

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОкуучулар. Архив
Окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучулар автобус, троллейбус жана кичи автобус менен каалаган жагына акысыз бара алышат.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. 1-сентябрь күнү Ош шаарындагы коомдук транспорттор окуучуларды акысыз ташыйт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Вопрос горячего питания в Новопокровской школе №1 - Sputnik Кыргызстан
Окуучу балага көбүрөөк эт бергиле! Себебин педиатр түшүндүрдү
Билдирүүгө ылайык, Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмү унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында Ош шаарындагы коомдук транспорт өкүлдөрү менен кезексиз кеңешме өткөргөн. Анда 1-сентябрь күнү шаардык коомдук транспорттордун бардык түрлөрүндө мектеп окуучуларынан жол акысы алынбай турганы айтылган.

1-сентябрга саналуу гана күндөр калды, окуучуну мектепке даярдоо боюнча адистин 5 кеңешин окуп коюңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0