ИИМ арабча жазуусу бар кара желек таккан унаа тууралуу

Жазылуу
Видео Facеbook тармагына жарыяланган, айрымдар бул "Ислам мамлекетинин" символикасы деген аныктама берген.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кара желекте автоборборунун белгиси эмес чынында эле арабча жазуу жазылып турган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин Facebook тармагына Александровка айылында жолдо бараткан Toyota Wish унаасынын айдоочусу бир колуна араб жазуусу түшүрүлгөн кара желек кармап бара жаткан видео чыккан. Айрым колдонуучулар желекте "Ислам мамлекетинин" символикасы деген божомол айтышкан.

День открытых дверей в Национальной гвардии Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Террорчулар Кыргызстандын эмнесине кызыгып жатканы айтылды
Андан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы желекте араб жазуусу эмес, борбор калаадагы унаа борборлорунун биринин символу жайгаштырылганын билдирген. Мекеменин айтымында, унаа Бишкектен Беловодское айылындагы балдардын психоневрологиялык үй-интернатына кайрымдуулук акциясын өткөрүү үчүн бара жаткан.

Муфтияттан желекте "Аллах" деген сөз жазылганы тастыкталган.

Ал эми ИИМдин маалымат кызматы өз версиясын жар салды.

"Аталган унаанын айдоочусу аныкталды. Э.Т. аттуу жаран араб жазуусу түшүрүлгөн жашыл түстүү желек классташынын өтүнүчү менен үлпөт тойдо пайдаланылган. Бул этникалык азчылыктын улуттук атрибуту катары колдонулганы белгилүү болду. Видео Лебединовка айылынан тартылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, желектеги жазуунун мааниси эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдардын символикасына же атрибутикасына эч кандай тиешеси жок экени аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0