Жалал-Абадда токко урунган жоокер экинчи колунан ажырады

© Sputnik / Табылды КадырбековХирург операция учурунда. Архив
Хирург операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы штаб жабырлануучуга материалдык жардам көрсөтүүнү пландап жатат.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Майлуу-Суу шаарында трансформатордон токко урунган аскер кызматкеринин экинчи колу ампутацияланды. Бул тууралуу Куралдуу күчтөр башкы штабынан маалымдашты.

Кырсык 19-август күнү болгон. 22 жаштагы жоокер бир күндүк нөөмөт учурунда электр тогунун көмөк чордонунун аймагына кирип, токко урунган. Кийин анын оң колу чыканагына чейин ампутацияланган.

"Аскердин экинчи колун дагы ампутациялоо чечимин дарыгерлердин жалпы консилиумунда чечилип, операция 28-августта жасалды. Ал учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө", — деп айтылат маалыматта.

Бул окуядан кийин аскер бөлүгүнүн командири иштен алынып, жетекчилик курамдагы кызматкерлер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган. 

Ошондой эле Башкы штаб материалдык жардам көрсөтүүнү пландап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0