Скотчко күнү түшкөн канализация. Алтын-Ордо конушундагы көйгөй

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКанализация трубалары. Архив
Канализация трубалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэриядан аталган канализацияны куруу боюнча бир дагы компания уруксат албаганын айтышты.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Бишкектеги Алтын-Ордо конушунун 5-көчөсүнүн тургундары канализация түтүктөрүн орнотуп берип жаткан жеке компанияга нааразы болууда. Бул тууралуу алар Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp-каналы аркылуу билдиришти.

Атын атагысы келбеген тургун жаңы орнотулган түтүктөрдүн кошулган жеринде кадимки скотч оролуп турганын видеого тартып алып, бул нерсе канчалык туура экенин адистерден билип берүүнү суранган. Муну менен катар алар курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Ариет Назар Групп" ишканасы ишти "шалаакылык менен жасап жатат" деп сын айтышууда.

"Квартал башчылары жыйын өткөрүп, ар бир үй 13 миң сомдон чогултса жеке компания канализация куруп берет дешти. Бирок бул көчөгө түтүк орнотууга эле кетчү акча, үйгө киргизүүгө кийин төлөмөкпүз. Биз сүйүнгөнүбүздөн макул болуп койгонбуз. Ката кетиргенибизди иш башталганда түшүндүк. Мен курулуш жагында тажрыйбам бар. Түтүк орнотоордо алдына кум төшөйт, андан дагы кабар жок. Скотч болсо акылга сыйбаган нерсе", — деди тургун.

Sputnik агенттиги аталган конуштун квартал башчысы Шайыр Садыкова менен байланышып, жолугушуу тууралуу сүйлөшкөн соң ал редакцияга "Ариет Назар Групп" компаниясынын жетекчиси Түгөлбай Кадырбеков менен биргеликте келди.

Сыдыкованын айтымында, алар түтүк орнотуу тууралуу тиешелүү органдарга кайрылышкан.

"Бардыгы элдин демилгеси, макулдугу менен болгон. Бул жөнүндө Жергиликтүү аймактык башкармалыкка, Октябрь райондук акимчилигине, мэрияга кайрылганбыз. Алар элди кыйнай албайсыңар, өздөрү макул болсо гана уруксат берилет дешкен. Подрядчыларды тургундар өздөрү сунуштап, "Ариет Назар Групп" ишканасынын сураган акчасы элдин чөнтөгүнө туура келип калды. Эл менен компания түзгөн келишим бар", — деди квартал башчысы.

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу"Ариет Назар Групп" компаниясынын курулуш иштерине кетчү каражат боюнча сметасы
Смета расходов на прокладку канализационных труб в новостройке Алтын-Ордо - Sputnik Кыргызстан
"Ариет Назар Групп" компаниясынын курулуш иштерине кетчү каражат боюнча сметасы

Ишкана тууралуу иликтеп көргөнүбүздө, аны Түгөлбай Кадырбеков аттуу жаран негиздеп, Юстиция министрлигинин каттоосунан ушул жылдын 11-июнунда өткөнү белгилүү болду. "Ачык бюджет" сайтынан мамлекеттик бюджетке кошкон салымы тууралуу маалымат таба алган жокпуз.

Алтын-Ордо конушунун тургундары компаниянын алгачкы кардарлары экенин башкы директор Түгөлбай Кадырбеков өзү деле моюнга алды.

"Бирок мурда "Вертекс" курулуш компаниясында иштегем, тажрыйбам жакшы. Негизи бул ишти "Вертекс" алган. Биз жөн гана субподрядчыбыз. Бардыгын мыйзам жолунда кылып жатабыз. Биздин колдо объектинин мэрия бекиткен долбоору бар. Баса, бизге элдин 30 пайызы гана акчасын берген. Калганын иш токтоп калбасын деп өз чөнтөгүзбүздөн жасадык", — деди Кадырбеков.

Мындан улам "Вертекс" ЖЧКсын издедик. Ал Юстиция министрлигинен 2016-жылдын 25-февралында турак жай жана киши жашабаган имараттарды куруучу катары расмий каттоодон өткөн. "Ачык бюджет" сайтындагы маалымат боюнча жыл башынан бери ар кандай төлөмдөр аркылуу бюджетке 36 584 сом төлөгөнү белгилүү болду.

Жетекчиси Нурила Касымалиева менен байланышканыбызда иш бардык технологияны сактоо менен жүрүп жатат деген оюн айтты.

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуПодрядчы: курулуш болуп жаткан жерде бардык талаптар аткарылууда
Обмотанная скотчем канализационная труба в новостройке Алтын-Ордо - Sputnik Кыргызстан
Подрядчы: курулуш болуп жаткан жерде бардык талаптар аткарылууда

"Биз негизги подрядчыбыз. Анткени документ жагын бүтүрүүгө мүмкүнчүлүбүз бар. Ал эми "Ариет Назар Групп" субподрядчы. Алар канализация куруу боюнча тажрыйбасы чоң. Курулуш болуп жаткан жерде бардык талаптар аткарылууда. Курулуш иштерине уруксат алганбыз. Азыр документтерди бүтүрүп жатабыз", — деди жетекчи.

Анткен менен Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Өмүрканов Алтын-Ордо кошунунун 5-көчөсүнө канализация түтүгүн орнотуу боюнча бир дагы компанияга уруксат берилбегенин айтты.

Жизнь в поселке Мин-Куш Джумгальского района - Sputnik Кыргызстан
"Калыс-Ордо" конушу кантип күн кечирет?
"Бир аз убакыт мурда Алтын-Ордонун квартал башчылары келип, эл 5-көчөгө канализация курдурууну демилгелеп жатканын айтышкан. Биз курчу ишкана "Бишкек суу каналы", "Бишкек башкы архитектура" ишканаларынын уруксатын алып, Экотехинпекциядан каттоодон өтүп, эл менен келишим түзүп алып келсин. Ошондон кийин мэриянын адистери жерине барып, бүтүм чыгарып, анан уруксат берилет деп түшүндүргөнбүз. Кийин бул маселе боюнча бизге бир дагы ишкана кайрылып, уруксат алган жок", — деди Өмүрканов.

Ал эми өзүн субподрядчыбыз деп атаган "Ариет Назар Групп" ишкананын жетекчиси алып жүргөн объект долбоору мурда Жергиликтүү аймактык башкармалыкка таанышуу максатында берилгени белгилүү болду.

Жетекчинин айтымында, жеке компанияларга ишенип, канализация курдуруп алып, кийин мэриянын балансына кире албай жүргөн тургундар жок эмес.

"Аталган конушта 22 көчө бар. Биз аларга магистралдык жана бюджетте каралган көчөлөрүнө түтүктөрдү орнотуп берип жатабыз. Өз демилгеси менен курдургандар бардык ишти мыйзам чегинде кылсын деп жергиликтүү бийликке айтканбыз. Анткени өзүм билемдик менен курулуп, мэриянын балансына өтпөй, ызы-чуу болгон мисалдар көп", — деди мэрия өкүлү.

Макаланын аягында скотч менен оролгон түтүктөргө кайрылсак. Суу инженери Улан Акматовго Алтын-Ордонун тургундары жиберген видеону көрсөткөнүбүздө ал эмнегедир таң калган жок.

Адистин айтымында, бул техникалык жактан туура эмес, бирок кардардын капчыгына жараша болуп жаткан көрүнүш.

Куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Бишкектин түштүгүндө мыйзамсыз берилген жерге үйлөр түшө баштады
"Түтүктөр басымы күчтүү суу үчүн жана жөнөкөй болуп экиге бөлүнөт. Басымы күтчүү дегенибиз шарылдап өтчү таза суу түтүктөрү. Аны эптеп-септеп куруп коюуга болбойт. Ал эми канализацияда акыр-чикирлер жай баракат өтө берет эмеспи. Кыргызстанда бул түтүктөрдүн бириккен жерин алгач скотч сыяктуу бир нерсе менен карматып туруп, кийин үстүнө бир размер чоң түтүктөн шакекчелерди кийгизип, бетон же курулуш көбүгү менен бекемдеп коюшат. Мунун баары үнөмдөө максатында жасалат", — деди инженер.

Бирок ал түтүктөрдү скотч менен ороо туура эмес экенин жана техникалык текшерүүдөн эч качан өтпөй турганын кошумчалады.

Ал эми жергиликтүү тургундардын айтымында, курулушчулар ушу тапта түтүктөрдүн үстүн көөмп, тегерек четин тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0