Бишкекте №6 троллейбус жүрө баштады

© пресс-служба мэрии города БишкекНовый троллейбусный маршрут № 6 в Бишкеке
Новый троллейбусный маршрут № 6 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө калаа ичинде 126 троллейбус каттамга чыгат.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Бүгүнтөн тарта Бишкек шаарында №6 троллейбус жүрө баштаганын мэрия билдирди.

Окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто 1-сентябрь күнү коомдук транспорт окуучуларды бекер ташыйт
Маалыматка ылайык, коомдук транспорт 8-кичирайондон Батыш автобекетине чейин каттайт. Жалпы жонунан троллейбус 20,7 чакырым жол жүрөт. Ушу тапта 11 унаа ишке кирди, алардын ортосундагы аралык 8-9 мүнөттү түзөт.

Мэрия бүгүнкү күндө калаа ичинде 126 троллейбус иштеп, айдоочулар жумушка эки сменде чыгып жатканын кошумчалады. Андан сырткары, күнүгө эртең менен жана түшкү тыныгуу учурунда ар бир троллейбус тазаланары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0