ӨКМ: Көчмөндөр оюндарында жүздөгөн куткаруучу нөөмөттө турат

© © SputnikӨКМ кызматкери
ӨКМ кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күнү-түнү жардам көрсөтүүгө даяр кызматкерлер "Манас" аэропортунан тарта Кырчын жайлоосуна чейин 15 мобилдик пунктуларда турмакчы.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары учурунда конокторду ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдардан коргоо үчүн 249 куткаруучу жана 54 атайын техника бөлүндү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Күнү-түнү жардам көрсөтүүгө даяр кызматкерлер "Манас" аэропортунан тарта Кырчын жайлоосуна чейин 15 мобилдик пунктуларда турмакчы.

Ошондой эле Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан ар бир объектиде ӨКМдин ыкчам штабы кызмат кылып, көл жээгинде курткаруучулар жана суучулдар нөөмөттө турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0