Өлкөдө жүрөк оорусунан 29 мүнөт сайын бир киши көз жумат. Өкүнткөн сандар

© Sputnik / Игорь Онучин / Медиабанкка өтүүЦентр сердечно-сосудистой хирургии в Хабаровске
Центр сердечно-сосудистой хирургии в Хабаровске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кан айлануу системасынын дартынан каза болгондор 50 пайызды түзөт. Күн сайын мындай илдеттен 49 киши өлөт.

Жыл жаңыргандан бери төрт айда жүрөк-кан тамыр ооруларынан 5 877 киши каза болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Аталган убакыт аралыгында жалпы жонунан 11 130 киши каза тапкан. Кыргызстандын ар бир сегизинчи жараны рактан өлсө, 696 киши тамак сиңирүү органдары жакшы иштебей жарык дүйнө менен кош айтышат. Дагы 610 киши дем алуу органдары жабыркап көз жумган.

228 киши жол кырсыктан мерт кетсе, 210 кишинин өмүрүн жугуштуу оорулар алган. 114 киши өз өмүрүнө кол салган.

Арактан ууланып каза болгондордун саны 97 киши болсо, 62 адам киши колдуу болгон. Ал эми 12 аял төрөт маалында же кош бойлуу кезинде өлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0