Жээнбековдун чоң атасынын мүрзөсү табылдыбы? Аппараттын жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековМарш "Бессмертный полк" в Бишкеке
Марш Бессмертный полк в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пирназаров 1944-жылдын 27-апрелинде Украинанын Конотоп шаарындагы ооруканада көз жумганы айтылууда.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Президенттин аппараты "Эрдик-Подвиг" коомдук фонду өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон чоң атасынын мүрзөсү боюнча маалыматты тактап жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Буга чейин бир катар жергиликтүү ЖМКлар Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон кыргызстандыктардын дайын-дарегин, көрүстөнүн издеген "Эрдик-Подвиг" коомдук фонду өлкө башчынын чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун жайын тапты деген маалыматты таратышкан.

"Аппарат аталган фондуга ыраазычылык билдирет. Учурда алар берген маалымат такталып жатат", — деди Стамалиева.

Эске салсак, президент быйылкы жылдагы Жеңиш майрамында Бишкекте өткөн "Өлбөс полк" жөө жүрүшүнө чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыккан.

Маалыматка караганда, Пирназаров 1944-жылдын 27-апрелинде Украинанын Конотоп шаарындагы ооруканада көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0