Мамлекеттик сыйлыкка татыгандардын тизмеси чыкты. Алар кимдер?

© Sputnik / Табылды КадырбековЦеремония награждения госнаград 141 кыргызстанцу Атамбаевым
Церемония награждения госнаград 141 кыргызстанцу Атамбаевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен бир катар өнөр адамдары, депутаттар, медик жана юристтерге мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды.

Валентина жана Антонина Шевченколор апасы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чемпиондордун апасы Елена Шевченкого наам ыйгарылды
Президенттин буйругуна ылайык, III даражадагы "Манас" ордени менен КР Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев сыйланды, "Кыргыз Республикасынын эл артисти" наамы Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасы Анаркүл Назаркуловага берилди.

Сейит Жетимишевге эл жазуучусу ардактуу наамы ыйгарылды.

Ал эми эмгек сиңирген артист наамын алгандардын тизмеси төмөнкүдөй:

Жылдыз Акматова – актриса-каскадер;

Токтобек Асаналиев – Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын доценти;

Шахрезада Аскарова – эстрада ырчысы;

Салима Балтаева – Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти;

Насредин Дубашев – Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын жогорку категориядагы актеру;

Марат Жантелиев – Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаштар театрынын артисти;

Айбек Карымов – ырчы, обончу, "Бейне-Групп" компаниясынын башкы директору;

Канатбек Мамырканов – Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театрынын артисти;

Азиз Мурадиллаев – театр жана кино актеру, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;

Тургуналы Нурматов – "Бейне-Өнөр" коомдук-кайрымдуулук фондусунун композиторлор мектебинин окутуучусу, насаатчысы, "Кыргызымдын жигиттери" тобунун көркөм жетекчиси;

Мансур Парпиев – Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын режиссер-коюучусу;

Жылдыз Саитова – Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын актрисасы;

Элмира Сыдыкбаева – Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдыңкы балет артисти;

Абдыманап Төрөбеков – Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын этно-фольклор тобунун артисти.

Адил Чекилов – эстрада ырчысы, "Элес" тобунун продюсери.

Дагы кимдер мамлекеттик сыйлыктарга татыганын бул жактан караңыз

Жаңылыктар түрмөгү
0