Жаңы окуу жылына карата Бишкекте 15 мектеп, 5 бала бакча оңдолду

© Фото / пресс-служба УКС мэрии БишкекаКапитальный ремонт школ Бишкека
Капитальный ремонт школ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда төрт мектеп жана 10 бала бакчаны ремонттоого 16,5 миллион сом бөлүндү.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Бишкекте жаңы окуу жылына карата 15 мектеп жана беш бала бакча капиталдык ремонттон өттү. Бул тууралуу мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.

Бул максатта 112 миллион сом сарпталган.

Окуучулар сабак учуранда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мугалимдер кыскарса эле мектептеги билим берүү оңолобу? Маселенин күңгөй-тескейи
10 мектептин чатыры алмаштырылып, үчөөнүн тамактануу жайлары жаңыланды. Ошондой эле көпчүлүк мектептерде канализация жана жылуулук системалары, иш-чаралар залдары оңдолду.

Булардан тышкары, №25 жана №44 мектептер 96,8 миллион сомго реконструкцияланды. Маалыматка караганда, 25-мектеп авариялык абалда болгон.

Учурда төрт мектеп жана 10 бала бакчаны ремонттоого 16,5 миллион сом бөлүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0