Бишкекке Эрдогандын келишине байланышуу бир нече көчө жабылат. Тизме

Жазылуу
Милициядан билдиришкендей, айрым жолдордун жабыла турган аймактары өзгөрүп кетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга расмий сапар менен келгендигине байланыштуу борбор калаадагы айрым көчөлөр маал-маалы менен жабылат. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын маалымат кызматынан билдиришти.

Жабылчу аймактар:

 "Манас" аэропортунан Бишкекке чейин;

 Фучик көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин;

 Жибек Жолу проспектиси Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;

 Айтматов проспектисинен Ала-Арча мамлекеттик резиденциясына чейин;

 Чүй проспектиси Манас проспектисинен Абдырахманов көчөсүнө чейин;

 Абдырахманов көчөсү Чүй проспектисинен Абдымомунов көчөсүнө чейин.

Милициядан билдиришкендей, айрым жолдордун жабыла турган аймактары өзгөрүп кетиши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0