Өкмөт: 73 бала бакчаны мамлекетке кайтаруу боюнча иштер жүрүүдө

© пресс-служба мэрии города БишкекБала бакча. Архив
Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Абулгазиев балдардын коопсуздугун камсыздоо өкмөттүн маанилүү милдети экендигин айткан.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кыргызстанда мыйзамсыз менчиктештирилип, же сатылып кеткен 73 бала бакчаны артка кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул туурасында Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 1-сентябрь күнү Бишкек шаарындагы №25 орто мектепке барганда айткандыгын премьердин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Учурда 73 бала бакчаны артка кайтаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө…. Бала бакчаларда электрондук кезек күтүү тутуму ишке киргизилүүдө, ушундай эле тутум мектептерде да болот. Ошондой эле өкмөт тарабынан билим берүү тармагынын кызматкерлерин ипотека боюнча пайыздык үстөктү төмөндөтүү жолу аркылуу жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо маселеси чечилүүдө", — деген ал.

Абылгазиев балдардын коопсуздугун камсыздоо өкмөттүн маанилүү милдети экендигин айткан.

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-сентябрда Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы №96 мектептин имараты пайдаланууга берилген салтанатка катышып, 300 миң сомдук сертификат тапшырды - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: биздин милдет — бийик адамдык касиетке ээ болгон балдарды тарбиялоо
"Ириде жолдордогу коопсуздукту камсыздоо зарыл. Бүгүнкү күндө шаар жана айылдарда, анын ичинде мектептердин жанында жол белгилери, фото-видео-фиксация тутумдары орнотулууда. Авариялык абалдагы жана капиталдык ремонтко муктаж мектептер жакынкы жылдары талапка ылайык абалга келтирилет. Бул маселелер жакынкы жылдары толугу менен чечилиши керек", — деген өкмөт башчы.

2018-жылдын 1-сентябрына карата республика боюнча 27 жаңы мектеп пайдаланууга берилип, жыл аягына чейин дагы 52 жаңы мектеп окуучуларды кабыл алынгандыгын президент Сооронбай Жээнбеков айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0