Чолпон-Атага Көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн 500дөй ЖМКнын өкүлдөрү келди

© Sputnik / Табылды КадырбековIII Всемирные игры кочевников 2018. Подготовка
III Всемирные игры кочевников 2018. Подготовка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи бүгүн саат 20.00дө башталат.

ЧОЛПОН-АТА, 2-сен.— Sputnik. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын 50 өлкөдөн келген жалпыга маалымдоо каржаттарынын (ЖМК) өкүлдөрү чагылдырат. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова маалымат жыйын учурунда билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова маалымат жыйын учурунда
Замминистра Минкультуры КР Айнура Темирбекова - Sputnik Кыргызстан
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова маалымат жыйын учурунда

Анын айтымында, ДКОну чагылдыруу үчүн каттоодон өткөн 500 ЖМКнын 250сү Кыргызстандыкы. Учурда жергиликтүү да чет өлкөлүк да журналисттердин баары Чолпон-Атада.

ЖМКлардын катарында New York times, Associated press дүйнөлүк маалымат агенттиктери, CCTV жана Россиянын бир топ телеканалдары бар.

Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи бүгүн саат 20.00дө башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0