Дастан Жумабековдун айылга каты. Кызыл баштык, таенени кудайлаткан атаман

© Фото / пресс-служба ЖК/ Ашыркул ОморовСпикер Жогорку Кенеша Дастан Джумабеков
Спикер Жогорку Кенеша Дастан Джумабеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн айылга катты Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жазды. Ал өз катында кара жумушту катырган бала чагын, мектепте атаман аталган класском болгонун, чоңойдум деп чөпканада түнөгөн күндөрүн эскерди.

Жумабеков Талас жергесинин ал кезде 60 түтүн жашаган Куру-Маймак, азыркы аты Сатыкей айылында 11 балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн.

Айылымды эстеп, балалыгым тууралуу кеп кылаарда алгач эле атам Артисбек эсиме түшөт. Ал кишилердин туура тарбиясы, ашынган мээнеткечтигинин арты менен 11 баласы тең жогорку билимге ээ болуп, ар кимибиз турмуштан өз ордубузду таптык деп ойлойм. 

© Фото / из личного архива Дастана ДжумабековаЖогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков (солдо) Таластагы Кара-Буура районунун Сатыке айылындагы орто мектепте билим алган
Спикер Жогорку Кенеша Дастан Джумабеков в школьные годы - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков (солдо) Таластагы Кара-Буура районунун Сатыке айылындагы орто мектепте билим алган

Эки уй саап, бир короо кой кайтарган тестиер

Атам абдан эмгекти сүйгөн киши эле. Өзү да колхоздо иштечү. Бизди кара жумушка үйрөтүп, тарбиялады. Атамдын дайым айткан үч сөзү азыр да эсимде. Тамеки тартып ичимдик ичпегиле, уурулук жасабагыла жана кара жумуштан качпагыла дечү. Уй саап, кезүү кайтарып, кой кыркып, айтор, элет жериндеги бардык жумуштарды жасап чоңойдум. Эсимде, 7-классты бүткөн жылым эле. Жайкы каникул учурунда таенемдикине жиберишти. Ал киши кошуна айылдын абройлуу байбичелеринен болчу. Өзү жалгыз жашаганы менен оокатка тың, короо толо кою, саан уйлары бар эле. Колхоздо да алдыңкы жумушчулардан болуп жүрчү. Ошол жылы колхоз ага "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийине 10 күнгө жолдомо бериптир. Таенем ал жакка эс алганы кетип, баягы үй-тиричилигин карап турсун деп мени чакырткан тура. Азыркы 7-класстын балдары мага кичинекей көрүнөт, бирок анда мен кадыресе чоң киши болуп, күн менен кошо туруп уйларын саап, сүтүн өткөрүп, койлорун кезүүгө кошуп, айтор таенемдин жогун билдирбей 10 күн жашадым. Кечинде досторум келет, алар менен картошка кууруп жейбиз. Абалымдан кабар алып күндө, күн алыс апам келип калат. Ал кездеги адамдардын пейилинен айланса болот. Ушунун баласы бир үйдө жалгыз эле кирип-чыгып жүрөт деп, көз арткан эч ким болбоптур.

- Класском ким?
- Дастан Жумабеков!

- Атаман ким?
- Дастан Жумабеков!

ЖК депутаты Чыныбай Турсунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айылга кат. Кат жазган муундун өкүлү Чыныбай Турсунбековдун айылы
Мектепте жакшы окучу элем. Бир туугандарымдын баары мектепке бараары менен эле класском болушчу. Бул менин да шыбагама тийди. Аныма карабай, мушташтан да биринчи орунда элем. Өзүм тийишип, тентектик деле кылчу эмесмин, бирок катылгандын катыгын берчүмүн. Буга башкы себеп, жаштайымдан спортко кызыгып, кийин күрөшкө катышып калганымда болду. Борбордон Дене тарбия институтун бүтүрүп келген агайыбыз бар эле. Саздак жерге алып барып алып, бизди күрөшкө машыктырчу. Бул мага абдан жакчу. Чоңойгондо мен да агайымдай спортчу болом деп кыялданчумун. Өз салмагымдагы балдардын баарын көтөрүп чаап мектепке келсем, өзүмдөн эки-үч жаш улуу балдар келип калаар эле. "Буга чыгасыңбы? Бул сенден коркпойт экен" деген досумдун сөзүнө "жок, бул менен мушташпайм" деп айтуу мен үчүн намыс эле. Мака досум (Майрамбек) азыркы тил менен айтканда менеджерим болчу экен. Танаписке чыккан учурда эле ар кимди жетелеп келип, бизди мушташтырып калчу. Катары менен баарын жеңчүмүн. Ушинтип жүрүп үйдөгүлөр 4-классты аяктаганымда айыл өкмөттүн борборунда жашаган Гүлмира таежемдикине жөнөтүштү. Шаар эмеспи, орусча үйрөнсүн, анан да үйдөн алыстаса мушташчаактыгы калаар деп ойлошсо керек. Ошентип азыркы Аманбаев айыл өкмөтүндөгү Чыңгыз Айтматов атындагы орто мектепте окуй баштадым. Сентябрда барган элем, декабрда мени мектептен чыгарышты. Ушул үч ай аралыгында 50гө жакын бала менен мушташыптырмын. Алгач өзүм теңдүү балдар менен, анан бир жаш улуу, эки жаш улуу балдардын баарын сабаптырмын. Бир күнү үйгө кийимимди айрып келем, бир күнү бир жерим канап келем, таежем менен жездем күндө "ай, койсоңчу" дешет.

Бир күнү мектеп завучу Керим агай таежемди чакырып, анын көзүнчө мени катуу урушту. Ошентип мектептен чыгып калдым да, кайра айылга келдим. Орусча окубасаң анда таенеңе жардам бер дешип, мени ата-энем таенемдикине жиберишти. Ал жерде деле ошол болду, бирок сабакты жакшы окучумун. Өзгөчө тарых сабагына кызыгаар элем. Кайра куруу заманы болуп, элдин баары эми эмне болот деп турган учур. Тарыхтан берген агайыбыз да саясатка өтө кызыккан киши эле. Сабак башталаары менен биз Михаил Горбачевдун башкаруу системасы, өлкөнүн келечеги сыяктуу темаларда талкууга киришчүбүз. Бул мага да абдан жагаар эле. Классташтарым азыркыга чейин "агай экөөңдүн талкууңду угуп отуруп эле сабак бүтүп калчу" деп айтып калышат. 

© Фото / пресс-служба ЖК/ Ашыркул ОморовЖогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков
Спикер Жогорку Кенеша Дастан Джумабеков - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков

Рекорд коюлган 110 кг. тамеки, сыйлыкка алган кызыл баштык

Жайкы каникул. Атам алып келген гезиттердин бир тамгасын калтырбай окуп, өзгөчө саясий макалаларга ошол кездеги балалык мээм менен ой жүгүртүп, айылда жүргөн кезим. Бир күнү атам "бир үйдөн бирден кыз-келинди тамеки теримге жибериш керек, бизден сен барасың" деди. Атамдын айтканы биз үчүн мыйзам боло турган. Жок деп моюн толгош ойго да келчү эмес. Баштыгымды көтөрүп алып, колхоздун тамеки талаасына жөнөдүм. Биринчи эле күнү 110 килограмм терип, элдин баарын таң калтырып рекорд койдум. Кыркалекей тизилген эже, жеңелер мактап жатса, таноом дердейип абдан сүйүндүм. Үйгө келип атама айта албадым, акырын шыбырап апама сүйүнчүлөдүм. Апам да маңдайы жарыла кубанып, "азаматсың, дагы ошентип тер, жакшы иште" деп кубаттап койду. Бул жайда окуу башталганча тамекиде иштеп, алгачкы 46 рубль айлыгымды алгам. Тамеки үзүм дээрлик жыйынтыкталып, окуу башталды. Мектептин алдына чогулган салтанаттуу линейкада мектеп директору жана колхоздон келген кишилер, куттуктоо сөздөрүн айтып, жакшы иштеген окуучуларды сыйлап жатышты. Оюмда эч нерсе жок турсам, "эми тамекичи кыздарды куттуктайбыз" деген мектеп директору сыдырмага тизилген мончоктой эле биринен сала бирин чакырып тамекиге иштеген кыздарга белек берип жатты. Бир кезде "Дастан Жумабеков" дегенде чочуп кеттим. Көп кыздын катарында жалгыз эркек, курдаштарымдан уялып, башымды шылкыйтып ортого чыктым. Мага да кыздарга бергендей кыпкызыл баштык беришти. Үйгө келип алып атама "эмнеге мени кыздарга кошуп, кыздардын сумкасын бердиңер, кызылча талаасында иштеген балдардыкындай баштык алмакмын" деп чуу салганым эсимде.

Бой жеткенин табиятка далилдеп…

КРдин Эмгек сиңирген артисти, Даңк медалынын ээси, КТРКнын диктору Бактыбек Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Бактыбек Мамытов айылга кат жазды. Бай түп алма, чоң эне, ак боз атчан караан
Ошентип таенемдин колунда жашап калдым. Райондун борборуна автобуска түшүп алып күрөшкө барган айылдан жалгыз мен. Ошентсе да кыштыр, жайдыр мунумду таштабайм. Сабактан келип таенеме жардам берем. Бир күнү үйгө эки досум келди. Эмнегедир бир маанилүү маселени талкуулоочудай жүздөрү олуттуу. Үйдөн сыртка чакырып чыгышып: "Дастан, биз эми чоңойдук да, бирдеме кылбайлыбы?" дешти. "Эмне кылабыз?" десем, "Балдар чоңойгондо үйгө түнөбөй калат экен, биз да эми үйгө түнөбөшүбүз керек" деди Нургазы. Анын айтканын эп көрүп, план түзө баштадык. Караңгы кирип, жатаар маал болгондо Нургазы, мен, Бактыбек болуп Бакынын чөпканасына бардык. Тамак-ашыбызды алып барган элек, чөпканадан тамак ичип бүткөн соң бийик жыйылган чөптүн үстүндө кыркалекей тизилип уйкуга кеттик. Эртең менен турсак үшүп калыптырбыз. Үйгө келсем саат таңкы алты. Таенем түнү менен уктабай мени издептир. Мен барганда биринчи автобус менен айылга чыгайын деп жаткан экен. Ата-энесиникине качып кеттиби деп ойлоптур. А мен таенем ойлогондой кичинекей чыт курсак эмес, бой жетип, караңгыдан коркпой калганымды табиятка тастыктап жүргөн элем.

Гороскоп. Шаардык бала дагы эмнени баштады?

Анан да жайкы каникул учурунда шаардан балдар келчү. Алар бизге окшоп жайдак ат минип, ысык топуракта жылаңайлак чуркай албаганы менен сонун китептерди окушат экен. Таптаза кийинип алышып, велосипед тебишет. Түштө ойнойсуңбу деп барсаң, уктап калган болот. Айтор, алар бизге башка дүйнөдөн келгендей сезилчү. Алардын ар бир айткан сөзү, жасаган кыймылы айылдыктарга кызык эле. Күндөрдүн биринде ушундай шаардык балдардын бири колуна гезит кармап алып "гороскобуң эмне?" деди мага. Мындай сөздү биринчи угушум. "Сөгүнбө!" дедим ачуулана. Мен анда жылдызым бөйөн экенин, ага байланыштуу болжолдуу жылдыз төлгөлөр газеталарга чыгарын кайдан билейин. Ал гороскопту түшүндүрө албай бир топко убараланган.

Шаардык мектептин мыйзамын "сыйлабай"…

Ырчы Роза Шакированын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Роза Шакирова айылга кат жазды. Ата-эне сагынычы, тынчтык бербеген ойлор
10-11-класска келгенде байкем борбордогу №50 мектепке алып келип киргизди. Максатым — 9-классты аяктаган соң спорт мектепке өтүү эле. Бирок ал кезде деле тааныш-билиш менен окууга өтүшчү тура. Таанышыбыз жок, өтпөй калдым. Анан байкем Кызыл-Аскердеги орто мектепке киргизип кетти. Мушташпай, жакшы окуса калтырабыз деген келишим менен сыноо мөөнөтүндө мектепке алып калышты. Мушташа берген бала десе эле мугалимдер сабактан да начар окуса керек деп ойлошкон экен. Кадимкидей жакшы бааларды алып, сонун эле окуп жүргөм. Бул жерде мага менеджер болчу Мака досум жок, ары чоңойо түшкөнгө анчалык көп мушташпай деле калганбыз. Бир күнү өзүм жакшы көргөн тарых сабагынан мугалим үй тапшырмасын сурап калды. Колумду көтөрө коюп, кудундап жооп бердим. Жообум туура болгондуктан мугалим да мактап койду. Көрсө, бул нерсе ошол мектептин "мыйзамы" боюнча туура эмес экен. Сабак бүткөн соң класстын атаманы келди. Ал мындан ары эмне кылып, эмне кылбашым керектиги тууралуу үйрөтө баштады. Муштумум түйүлүп, ызырынганым менен өзүмдү кармап тынч турдум. Бир убакта бетиме түкүрүп жиберди. Ошол жерден эле көтөрө чаптым. Ошентип кайрадан мугалимдер менин "тагдырымды" чече башташты. Жыйынтыгында класс жетекчим, завуч экөө кепилдик берип жатып алып калышты.

Катымдын соңунда ушундай балалыкты тартуулаган айылыма, ата-энеме, курбу-курдаштарыма ыраазылыгымды билдиргим келет. Ошол айылда калган ар бир күнүм, менин кийинки жашоого салган чыйырым экенин эми түшүнүп отурам. Эмгекчил атам, мээримдүү апам, жоопкерчиликтүү мугалимдерим, бир нанды тең бөлө жеген досторум мен силерди азыр сагынып жашайм. Алыста калган балалыгымдагы элестериңерди сагынам. Ар бириңди азыр көрсөм, кайра эле сагынам. Кымбаттуу менин айылдаштарым, жалпыңарга ден соолук каалагым келет. Айылыбыздын берекеси артып, ынтымагы күчөп, ырыскысы төгүлүп турсун. Жаштарыбыз акылдуу, күчтүү болсун. Аксакалдарыбыз нарктуу, барктуу болсун.

Силерди терең урматтап, Жогорку Кеңештин төрагасы, уулуңар Дастан Жумабеков

Жаңылыктар түрмөгү
0