WhatsApp мессенджери ишине өзгөртүү киргизет

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүWhatsApp мессенджери. Архив
WhatsApp мессенджери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы өзгөртүүлөр 12-ноябрдан тарта күчүнө кирет.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Facebook компаниясына таандык WhatsApp мессенджери өзүнүн колдонуучуларынын жеке маалыматтарын коргоо боюнча системага өзгөртүү киргизет. Бул тууралуу Engadget сайты жазып чыкты.

Социалдык тармактардын телефондогу тиркемелери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адистер WhatsApp менен Twitter өздүк маалыматтарды жашыра албастыгын айтышты
WhatsApp тиркемесин Android платформасынын негизинде колдонгондор 12-ноябрдан тарта өзүнүн жеке каттарын Google Drive хостингине чектөөсүз сактай алат. Бирок жаман жери медиафайлдар менен кат алмашуулар шифр менен корголбой калат.

Мессенджердин жаратуучулары мындай кадамга АКШ бийлигинин талаптарынын негизинде барууга мажбур болгонун айтышууда.

Эки жума мурун Facebook компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг эми каттардын купуялуулугун коргоочу код колдонулбай тургандыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0