"Коопсуз шаар" долбоору боюнча аукцион качан болору белгилүү болду

Жазылуу
Буга чейин 23-августта болгон аукцион техникалык катадан улам өтпөй калган.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоору боюнча аукцион 4-сентябрда саат 15:00дө Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитетинин имаратында өтө турганын мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин 23-августта өткөн аукциондун жыйынтыгында мамлекеттик сатып алуулар системасы бузулуп калып, жеңүүчү аныкталган эмес. Андыктан аукцион болбой калган. Конкурстун шарты боюнча эң төмөнкү бааны сунуштаган тарап жеңүүчү деп табылат.

Аукциондун баштапкы баасы 2,5 миллиард сомду түзүп, буга чейинки конкурстун талаптары өзгөрүүсүз калган.

"Конкурстун талаптарына ылайык, ачыктыкты жана айкындуулукту камсыз кылуу үчүн жаңы комиссия түзүлүп, анын катарына Жогорку Кеңештин депутаттары, тийиштүү министрлик менен ведомстволордун өкүлдөрү жана коомдук уюмдардын, мамлекеттик комитеттин коомдук байкоочу кеңешинен кишилер кирди", — деп айтылат маалыматта.

Долбоордун шарты боюнча жеңүүчү Бишкектин кесилиштерине, шаар аралык жолдорго жана ылдам жүрчү трассаларга — жалпы 110 комплекс орнотушу керек. Ошондой эле чыгымдын бардыгы подрядчынын мойнунда болот.

"Коопсуз шаар" долбоору боюнча тендердик комиссиянын төрагасы Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрага орун басары — Кубаныч Шатемиров.

Жаңылыктар түрмөгү
0