Сапар Исаковдун жубайы Малика: экөөбүз тең жолугушууну күн санап күтөбүз

Жазылуу
"Айына эки жолу жолугабыз. Экөөбүз тең бул жолугушууну күн санап, зарыгып күтөбүз". Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жубайы Малика Арстанбекова менен болгон маегибиз ушундай сөздөр менен башталды.

Сапар Исаковдун ТЭЦ чуусуна байланыштуу камакка алынганына үч ай болду.

Малика айым Sputnik агенттигинин кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып, кыздарынын атасына болгон кусасы, жардам берип жаткандар тууралуу айтып, өлкө башчыга дагы кыскача кайрылуу жасады.

Баса, Малика айым коомго таанымал болуп, эл көзүндө болгусу келбегенин айтып, анын сүрөттөрүн жарыялабай эле коюубузду өтүндү.

— Малика, жолдошуңузду канча убакытта бир көрүп жатасыз?

— Айына эки жолу, абактын ички тартиби ушундай экен. Төрт жолкусун белгиленген маалда жолуктук. Бирок бир ай кезиктирбей койгон учур болду. Экөөбүз тең жолугушууну күн санап, зарыгып күтөбүз.

— Ден соолугуна даттанган жокпу?

— Чынын айтсам, анын ден соолугун ойлоп бушайман боло берем. Анткени ал эч качан оорудум деп айтпайт. Бир нерсе кыйнап турса деле жашырып коет. Негизи эле өзү абдан күчтүү жана оптимист адам.

Азыр көпчүлүк учурда китеп окуп жатат. Мен бараарда достору, мурдагы кесиптештери, туугандарыбыз ар кандай китептерди берип жиберишет. Мындан тышкары, аптасына эки жолудан машыгуу залына барып жатат. Ошол нерселер дагы күч-кубат берүүдө.

— Жолукканда көбүнесе эмнелерди айтып берет?

— Көбүнчө балдар жөнүндө сүйлөшөбүз. Кыздарын сагынып бүттү окшойт, алар тууралуу ийне-жибине чейин сурайт. Мындан тышкары, мен ага дүйнөдө, өлкөдө кандай окуялар болуп жатканын айтып берем. Акыркы жолу сүйлөшкөндө жакында эле ал окуп бүткөн китептерди талкууладык.

— Кыздар (Сапар Исаков төрт кыздын атасы — ред.) дагы атасын сагынса керек. Камакка алынгандан бери жолугушуу болдубу?

Чай ичишип жүрчү элек го! Сапар Исаковдун апасы президентке кайрылган видео - Sputnik Кыргызстан
Чай ичишип жүрчү элек го! Сапар Исаковдун апасы президентке кайрылган видео
— Жок, көрө элек. Балдардын жүрөгүн оорутпаш үчүн аларды абактагы жолугушууларга алып барбайбыз деп чечкенбиз. Кыздар азыр аябай куса болуп жүрүшөт. Улуусу барын билет, түшүнөт. Ичтен сызып жүрө берет. Кичүүлөрү атасын командировкада деп ойлошот. Бирок кайсы жерде жүрсө дагы дайыма телефон чалып сүйлөшүп турчу атасы, эми эмнеге таптакыр эле кабарын билдирбей калганын түшүнбөй жатышат. Кээде ыйлакташып, "атабыз качан келет" деп чатак салышат. Аларды алдап-соолап жатып айрым учурда өзүмдүн айлам калбай калат.

— Сиз балдар менен үйдө отурсаңыз, акча-тыйын жагынан жардам бергендер барбы? Негизи эле материалдык жактан кыйналган жоксуңарбы?

— Сапар камакка алынгандан бери эле туугандар, достор, анын мурдагы кесиптештери колдоп келе жатат. ЖМК беттеринен, социалдык тармактардан окусам, айрымдар бизди бай деп ойлошот экен. Биз ак эмгек менен тапкан акчабызга жашаганга көнгөнбүз. Эч качан эч нерседен аша чапкан жокпуз. Куурап жатабыз деп даттангым келбейт. Кудайга шүгүр, эл катары күн көрүүдөбүз.

Тамак салып жаткан абак кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абактагы Исаков, Артыкбаев жана Сатыбалдиев эмне жейт. Түрмөдөгү тамак-аш
Мен эч качан эл көзүндө болгум келбейт, бул нерсе мен үчүн абдан оор. Ошондуктан айрым курсташтарым менен кесиптешерим Сапар Исаковдун жубайы экенимди билишчү дагы эмес. Ар дайым тынч, карапайым жашаганды жактырчумун.

Албетте жолдошум боштондукта болсо, тууган, достордон жардам албайт элек. Моралдык жактан дагы оңой болбой турат, бирок өзүмдү таштап койгон жокмун.

— Буга чейин президентке адилдеттүү иликтөө камсыздап бериңиз деп кайненеңиз кайрылды эле. Өлкө башсынына сиздин өтүнүчүңүз барбы?

— Мен бардыгы адилеттүү чечилип, жолдошум акталат деп үмүт кылам. Анткени Сапар Кыргызстанды жан дили менен сүйөт. Өлкө деп жанын сабап, күнү-түнү эмгектенгенин аны жакындан тааныгандар, чогуу иштешкендер билет. Мен деле Сооронбай Шариповичтен иликтөө жана сот иштеринин адилеттүү болушуна көз салып коюшун суранам. Эгер бардыгы мыйзам чегинде болсо, жолдошум акталарына ишенем.

Жаңылыктар түрмөгү
0