ИИМ: Аида Салянованын инисинин өлүмү боюнча иш сотко өттү

© Sputnik / Бактияр БердибековУбийство Улана Салянова
Убийство Улана Салянова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улан Саляновду өлтүрүүгө шектүү делген үчүнчү киши дагы деле издөөдө.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Улан Саляновдун өлүмү боюнча иш сотко өткөнүн Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Тергөө Улан Саляновдун өлүмү боюнча ишти Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берди. Биринчи сот иши 6-сентябрда болот", — деп айтылат маалыматта.

2017-жылдын 6-ноябрга караган түнү болжол менен саат 2.30дарда мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өз үйүнөн атып кетишкен.

Ошол эле жылдын 27-декабрында бул кылмышка шектүү катары Бишкектин 31 жаштагы жараны кармалган. Анын жанынан Саляновго ок атылган курал табылган.

Кийин Москва шаарында экинчи шектүү колго түшүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0