Москвада полиция кызматкерин өлтүрдү деп шектелген жаранга айып тагылды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүПолиция кызматкери. Архив
Полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү киши полициянын өлүмүнө тиешеси жок экенин айтууда.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Москванын "Курская" метросунда полицияны өлтүрдү деп шектелген теги кыргызстандык жаранга айып тагылганын РИА Новости агенттиги билдирди.

Убийство полицейского в Москве — появилось видео допроса подозреваемого - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы полиция кызматкеринин өлүмү. Суракка алынган шектүүнүн видеосу
Окуя дүйшөмбүгө караган түнү болгон. Укук коргоо органдарынын билдиришинче, кармалган киши полиция кызматкерин атып өлтүргөн.

Шектүү катары Нурлан Муратов кармалган, бирок ал кылмышка тиешеси жоктугун, полиция кызматкерин атпаганын билдирүүдө. Тергөөчүлөр ок атылган тапанчаны да табышкан эмес.

Жакын арада тергөөчүлөр Муратовду камакка алуу боюнча сотко кайрыларын маалымдашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0