Телефон тиктеген элечекчен апалар. Кырчындагы кызыктуу көз ирмемден фотофакт

Жазылуу
Ысык-Көлдө өтүп жаткан Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына өлкөдө тестиерлерден тарта улайгандарга чейин катышууда. Иш-чаранын маданий бөлүгү Кырчын жайлоосунда болуп, 1000 боз үй тигилип, этно-шаарча тургузулган. Ал жерден ар бир облустун, демилге көтөрүп келген мекеме-бирикмелердин боз үйлөрү жайгашты.

Ар бир ордо өзүнүн программасын даярдап келгенин, күнүгө 160га чукул маданий иш-чара өтүп жатат.

III Всемирных игр кочевников. 2 день. Торжественная церемония открытия этногородка в урочище Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Төө минген хан, кылычын кезеген жоокер. Кырчынды чаңыткан 1200 өнөрпоз сүрөттө
Этно-шаарды аралай бассаңыз көчмөн элинин тамак-ашын, этно базарын көрө аласыз.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары 8-сентябрга чейин уланат. Спорттук мелдештер жайлоодон сырткары Чолпон-Атадагы ат майданда, Ден соолуктуу чыңдоо борборунда, Евразия пансионатында өтөт. Ал эми маданий иш-чаралар Бостери айылындагы "Nomad" амфитеатрында жана Кырчында болмокчу. Кайсы күнү кандай иш-чара өтөрүн биздин материалдан биле аласыздар.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарында иш-чаралар, таймаштар кандай өтүп жаткандыгын Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан окусаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0