Айтматовдун жеке архивиндеги сүрөттөр жайгаштырылган сайт ачылды

© Sputnik / Э. Коган / Медиабанкка өтүүСоветский писатель Чингиз Айтматов.
Советский писатель Чингиз Айтматов. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көргөзмө "Үй-бүлө", "Талант жана доор", "Ысык-Көл форуму" деп аталган үч бөлүмдөн турат.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Мамлекеттик борбордук архив жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата анын жеке архивинен алынган сүрөттөрдөн виртуалдык көргөзмө жасап, aitmatov.archive.kg сайтына жайгаштырды. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Көргөзмө "Үй-бүлө", "Талант жана доор", "Ысык-Көл форуму" деп аталган үч бөлүмдөн турат.

Россиялык акын Александр Твардовский (ортодо). Архив - Sputnik Кыргызстан
Айтматовдун багын ачкандардын бири Твардовский тууралуу 13 факты
Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Борбордук архивде көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин, согуштун жана эмгек ардагерлеринин, маданият менен искусство адамдарынын документтери жайгашкан. Алардын арасында Чыңгыз Айтматовго тиешелүү бөлүм да бар.

Улуу жазуучу жеке документтерин Борбордук архивге сактоо үчүн 2004-жылы өз демилгеси менен берген. 2010-жылы анын фондусу карындашы Роза Айтматова тапшырган документтер, сүрөттөр менен толукталган.

Мындан бир жыл мурда ТИМ жазуучуга тиешелүү 130 документти тапшырган.

Быйыл Кыргызстанда жана дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейи белгиленип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0