Булан институту президент Жээнбековго кайрылды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевРабочий визит премьер-министра Сооронбая Жээнбекова в Нарынскую область
Рабочий визит премьер-министра Сооронбая Жээнбекова в Нарынскую область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайрылууда билим сапатынын төмөндөө себептери, мектеп курулушундагы коррупция тууралуу жазылган.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Булан институту билим берүү системасындагы көйгөйлөр, айрыкча элеттеги мектептердин маселеси, мугалимдеринин статусун, социалдык абалын жогорулатуу боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду. Бул туурасында аталган уюмдун тараткан билдирүүсүндө айтылат.

Анда Булан институту авариялык абалдагы билим жайлары, республика боюнча окуучулардын мектептерге батпай калгандыгы, билим сапатынын төмөндөө себептери, мектеп курулушундагы коррупция тууралуу жазылган.

Булан институту мектепте билим берүү системасы учурда оор абалда экенин, келерки 10-15 жылда кыйроо абалына келип калганын билдирген.

"Андыктан аталган институт президенттен Коопсуздук кеңештин билим берүүгө арналган атайын жыйынын чакырып, мамлекеттик стратегиялык багыты катары белгилөө менен мектеп көйгөйлөрүн чечүү үчүн чукул чараларды кабыл алышын суранды", — деп айтылган маалыматта.

Кайрылуунун толук версиясы менен бул жерден тааныша аласыз 

Тынчтык инновациялары боюнча Булан институту — Кыргызстанда светтик жана диний билим берүү системасын реформалоо боюнча иш алып барган бейөкмөт уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0