12 баланын атасы! Гимнди жаңылып ырдаган депутат Тулендыбаев тууралуу 8 факты

Жазылуу
Кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев жергиликтүү каналдардын бирине гимнди туура эмес ырдап алып соцтармактын жылдызына айланды. Гимндин кайырмасын таптакыр башкача кылып аткарган эл өкүлү бүгүн элден кечирим сураганга жетишип, аны кайра аткарып берди.

Видеодон кийин айрым интернет колдонуучулар аны депутат катары биринчи жолу көрүп жатканын айтып чыгышты. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги билинбей жүрүп, бир күндө популярдуу болгон эл өкүлү тууралуу кызыктуу фактыларды чогултту.

Балалыгы, ата-энеси. Пархат Тулендыбаев 1960-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. Балалыгы борбордо өтүп, №45 орто мектепти аяктаган. Советтик соода техникумун бүтүргөн соң эл өкүлү эки жыл армияда кызмат өтөп келген. Улуту — уйгур. Депутаттын атасы заводдо жумушчу болуп иштесе, апасы үй иштери менен алек болгон. Экөөнүн тең көзү өтүп кеткен. Депутат төрт бир тууган, анын бири каза болуп, учурда агасы жана иниси бар. Экөө тең ишкерлик менен алектенет. 

© Фото / пресс-служба ЖКТулендыбаев Жогорку Кеңештин IV чакырылышына маркум Медет Садыркулов менен биргеликте "Моя страна" партиясы менен келип, кийин "Ак Жол" партиясына мүчө болгон
Депутат ЖК Пархат Тулендыбаев - Sputnik Кыргызстан
Тулендыбаев Жогорку Кеңештин IV чакырылышына маркум Медет Садыркулов менен биргеликте "Моя страна" партиясы менен келип, кийин "Ак Жол" партиясына мүчө болгон

Ишкерлик чөйрө. Тулендыбаев эмгек жолун Бишкектеги дүкөндөрдүн жетекчиси болуп иштеп баштаган. Андан кийин өзүнүн кесиби боюнча (технолог) иштеп, 1983-жылдан 1991-жылга чейин коомдук тамак-аш тармагында эмгектенип, кийинчерээк кайра ишкерлик чөйрөгө өтүп кеткен.

Саясатка жол. Тулендыбаев Жогорку Кеңештин IV чакырылышына маркум Медет Садыркулов менен биргеликте "Моя страна" партиясы менен келип, кийин "Ак Жол" партиясына мүчө болгон. 2010-жылкы төңкөрүштөн кийин беш жыл "Кальпэн" ЖЧКсынын коммерциялык директору болуп жүрүп, 2015-жылы "Республика — Ата-Журт" партиясы менен Жогорку Кеңешке кайрадан депутат болуп шайланган.

Жогорку кеңештин депутаттары жыйын учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эмне үчүн аткаминерлер гимндин текстин билбейт? Пикирлер
Үй-бүлөсү. Эл өкүлү 12 баланын ардактуу атасы. Жети кыз, беш уулу бар. Балдарынын улуусу 30 жашта болсо, кичүүсү 7ге чыккан. Sputnik Кыргызстан агенттигине үй-бүлөсү тууралуу айтып берип жатып, төртүнчү кызын турмушка узатуунун алдында турганын кошумчалап кетти. Жубайы үй кожойкеси.

Спортчуларга жардам. Спорт кабарчысы Кабыл Макешов Facebook баракчасына Тулендыбаев Кыргызстандын балбандарын колдоого алып, алардын эл аралык турнирлерге, Азия, дүйнө чемпионаттарына, Азия оюндарына жана олимпиадалык мелдештерге катышып, намыс талашуусуна демөөрчү болуп, каражат жагынан колдоого көрсөтүп жүргөн адамдардын бири экенин айтты. Депутат 2010-жылдан бери Эркин күрөш федерациясынын вице-президенти. Өзү дагы жаш кезинде эркин күрөш, бокс менен машыкса, азыр балдары, кесиптештери менен футбол ойнорун кошумчалады.

Болгариядагы бизнес. Мындан эки жыл мурун айрым ЖМКлар Пархат Тулендыбаевдин Болгарияда бизнеси бар экенин жазып чыккан. Бул боюнча депутат ал жакка чындап эле бизнес ачууну бир убакта көздөп барганын айтып, бирок кыялы ишпей калганын билдирди. 

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаТулендыбаевдин Аламүдүн жана Свердлов райондорунда коомдук кабыл алуу бөлүмү бар. Ал жакта жардамга муктаж адамдарга юридикалык консультациялар акысыз берилет
Депутат ЖК Пархат Тулендыбаев - Sputnik Кыргызстан
Тулендыбаевдин Аламүдүн жана Свердлов райондорунда коомдук кабыл алуу бөлүмү бар. Ал жакта жардамга муктаж адамдарга юридикалык консультациялар акысыз берилет

"Болгариялык таанышым ал жакка чыгыш ашканасын ачалы деп сунуш кылып калды. Кесибим да технолог болгондуктан чыгыш-кыргыз ашканасын ачсам кандай болот деп барып бардык жакты карап көрдүм. Бирок ал жакта имараттын ижара акысы, жер дагы өтө кымбат экен. Анын үстүнө болгариялыктар европа ашканасына жакын экенин көрүп кайра кетип калгам. Учурда ал жакта эч кандай бизнесим жок" — деди эл өкүлү.

ЖК депутаттары гимн аткаруу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Гимндин сөзүн билесизби? Тест
Кайрымдуулук. Тулендыбаевдин Аламүдүн жана Свердлов райондорунда коомдук кабыл алуу бөлүмү бар. Ал жакта жардамга муктаж адамдарга юридикалык консультациялар акысыз берилет. Ошондой эле ал аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарын Ысык-Көлгө алып барып эс алдырып, кары-картаңдарды кышында отун, көмүр менен камсыз кылып турат.

Гимн тууралуу. Гимнди жаңылып ырдап алганын айткан эл өкүлү элден дагы бир жолу кечирим сурады. Анын бул катачылыгын коомчулукка чыгарган телеканалдын журналисттерине жинденген жокмун деген депутат, тескерисинче, бул окуя ага чоң сабак болгонун айтты. Ошондой эле ал учурда кыргыз тилин тереңдетип үйрөнүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0