Салык төлөгөн чаптаманы унаага такпаса айып салынабы? Салык кызматынын жообу

© SputnikОплата налога на движимое имущество
Оплата налога на движимое имущество - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда салык төлөөнүн мөөнөтү аяктады.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Салык төлөгөнүн тастыктаган чаптамасы жок автоунаа айдап жүрүүдө былтыркыдай эле айып салынбайт. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

4-сентябрда турак-жайга, жерге жана транспортко салык төлөөнүн мөөнөтү аяктады. Салык төлөбөгөндөргө 2 миң сом айып салынып, туум каралган.

Пресс-секретарь ГНС КР Эркин Сазыков - Sputnik Кыргызстан
Радио
Сазыков: шаар тургундарына караганда айылдыктар салыкты эрте төлөйт
Социалдык тармактын колдонуучулары салык төлөгөнүн тастыктаган чаптамасы жок автоунаа айдап жүрсө айып салынабы деген суроону байма-бай көтөрүп келет. Салык кызматынын маалымат кызматы айып салынбай турганын, бирок инспекторлор токтотуп убакыт албашы үчүн чаптаманы чаптап алса жакшы болорун билдирди.

Чаптама салык органынын кызматкери тарабынан кол коюлуп, мөөр менен тастыкталат. Автоинспекторлор айдоочулардын күбөлүгүн, автотарнспортту каттоо тууралуу көбүлүктү, салык төлөөгөнү жөнүндө квитанцияны же анын көчүрмөсүн талап кылганга укуктуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0