Баласын тирүү алып калганым үчүн жек көрүшөт. Бишкектик педиатрдын маеги

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүБала жетелеп бараткан дарыгер. Архив
Бала жетелеп бараткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дилара Искакованы бир көргөн киши балдар дарыгери экендигин дароо байкайт. Анын назик үнү менен сылык мамилеси бардык бөбөктүн көңүлүн алчудай.

Искакова алгач Нарында жашап, бир эле учурда аймактык дарыгер, тез жардам жана жандандыруу бөлүмүндө эмгектенген. Кийин шаарга көчүп келип, №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун педиатрия бөлүмүнүндө иштеп калат.

© Sputnik / Жоомарт Ураимов№12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун педиатрия бөлүмүнүнүн жетекчи орун басары Дилара Искакова
Врач отделения педиатрии центра семейной медицины №12 Дилара Искакова - Sputnik Кыргызстан
№12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун педиатрия бөлүмүнүнүн жетекчи орун басары Дилара Искакова

— Дарыгерликти жөн жерден тандап албасаңыз керек?

— Кичинекей кезимде тамагым көп ооручу. Алкым бездерим көөп, сүйлөй албай калаар элем. Ошол кезде дары жок болсо керек, койдун майын ысытып ичиришчү. Демим кыстыгып баратканда "май эле, май" дечү экенмин. Бирок азыр ошол майдын жыты келсе жүрөгүм айланат. 4-классымда операция жасашты. Ошондон кийин дарыгерликти аркалап, жаш балдарды өзүм дарылоону максат кылдым. Мектепти бүткөндө үйдөгүлөр "бизден деги эле ак халатчан чыккан эмес" деп тоскоол болушту эле, моюн берген жокмун. Туура эле кылыптырмын, педиатрдан башка тармактан өзүмдү көрө албайм. 7-8 жылдай Нарында иштеп, андан кийин жолдошумдун жумушуна байланыштуу шаарга келип, №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда эмгектенип калдым.

— Жаштыгыңыз менен ишиңиздин эң кызыктуу күндөрү өткөн Нарындагы жумушуңуз тууралуу айтып берсеңиз.

— Айылда жүргөндө күндүз аймактык дарыгер, бир күн кечинде жандандыруу бөлүмүндө, эртеси тез жардам кызматында иштедим, кыскасы түнү менен жумушта болчумун. Үйгө эки саатка чуркап келип кир жууп, тамакты чала-бучук бышырып, аны кайра өзүм жегенге жетишпей кетчүмүн. Кайненем түшүнүктүү киши эле, ишиме тоскоолдук жараткан жок. Эки баламды карашып берди.

Союз тарап дары-дармек жок кезге туш келдик. Азыр кадам сайын дарыкана эмеспи, анда чабалактаган бейтаптарга эмне жардам кыларыбызды билбей калчубуз.

Хирург. Архив - Sputnik Кыргызстан
Энесин мээден ары бир койгум келди... Нарындагы дарыгер агынан жарылды
Иш учурунда көбүнесе жагымсыз окуялар эсте калат экен. Бир ирет температурасы көтөрүлүп, шайы ооп жатат деп бир жаштагы баланы алып келишти. Ошондо эле "бул менингит болушу мүмкүн" деп айткам, чурулдап бейтапканага барсак мен айткандай эле болду. Аман-соо алып калдык, бирок кийин майып болуп калганын уктум. Таң калтырганы жана кейиткени — ата-энеси тирүү алып калганым үчүн мени жек көрөт экен. Кыскасы аларга майып баланын кереги жок экен… Мен ымыркайдын жанын сактап калдым деп кубанып жүргөм.

Эки кошуна чатакташа кетип, бири экинчисинин итин атып өлтүрөм дейт, сегиз жашар бала итин коргойм деп далдаласа ок ага тийиптир. Жандандыруу бөлүмүндө жатты, ичегисин кыскарттык, сактай алган жокпуз. Ошондо дарыгер болгонума өкүнгөм, аябай ыйлагам. Жумушка чыга албай, жандандыруу бөлүмүнө кире албай жаман болуп жүрдүм.

Бир жолу орто курактагы киши арабага бутун тебелетип алып, экөөнү тең кестирмек болот. Хирург кесиптешим операция жасап жатып, өзүнүн колун кесип алат, бейтаптан андан мурда анализ алышса сифилис экен. Анан кесиптешим өзү дарыланып, бизге ийне сайдырып жүрбөдүбү.

© Sputnik / Жоомарт УраимовДилара Искакова: кичинекей кезимде тамагым көп ооручу. 4-классымда операция жасашты. Ошондон кийин дарыгерликти аркалап, жаш балдарды өзүм дарылоону максат кылдым.
Врач отделения педиатрии центра семейной медицины №12 Дилара Искакова - Sputnik Кыргызстан
Дилара Искакова: кичинекей кезимде тамагым көп ооручу. 4-классымда операция жасашты. Ошондон кийин дарыгерликти аркалап, жаш балдарды өзүм дарылоону максат кылдым.

— Көрсө дарыгерлер мерез болот деген пикир чындыкка дал келбейт турбайбы, ээ?

— Педиатрлар табиятынан назик келишет, кайгылуу окуя, өлүм дегендерди абдан оор кабыл алышат.

— Акыркы жолу качан көзгө жаш алдыңыз?

— Эки жыл мурда. Биздин бейтапканада үч жаштагы эркек бала боорун дарылатып жаткан. Бир күнү апасы алып качып кетти. Издеп таппай калдык, телефон чалып, жазсак жооп кылбайт. 3-4 жумадан кийин энеси кебетесин кетирип алып келди. Угушума караганда бүбү-бакшыларга барышыптыр. Анализдин жыйынтыгы боордун рагы деп бүтүм чыгарды. Болгон жардамды кылганыбыз менен наристе чарчап калды. Көзгө көрүнүп калган бала эле…

— Айылдагылар ден соолукка кам көргөндү билбейт деген ой бар.

Заведующий кафедрой детской хирургии КРСУ Калыбек Мыкыев - Sputnik Кыргызстан
Унаа тебелеген бөбөктүн боору майдаланып кетип... Балдар хирургунун ыймандай сыры
— Айылдык дарыгерлер күчттүү деп айта алам. Себеби заманбап аппаратка таянып отурсаң жеке туюмуң өспөй, дартты өз алдыңча аныктоо жөндөмүң артта калышы мүмкүн.

Мени диагнозду жакшы коесуң дешет. Айылда бир кишинин баласы ооруп, аялына кошуп шаарга жиберет. Жол кире менен бейтапканага деп торпогун сатышат. Бирок аялы ар кайсы ооруканага бара берип, жыйынтыгында акчасын түгөтүп, баласын да толук көрсөтпөй келет. Мен текшерип көрүп бруцеллез дегем, туура эле айтыптырмын, дарыланып сакайып кетти. Атасы абдан ыраазы болуп "башында эле сага келбей, торпок да тирүү калмак" деген. Кийин айылдан кетип жатканда "эми сен жок, кантебиз" деп кейип калышты.

© Sputnik / Жоомарт УраимовПедиатр Искакова: жаш кезде күндүзү аймактык дарыгер, бир күн кечинде жандандыруу бөлүмүндө, эртеси тез жардам кызматында иштедим, кыскасы түнү менен жумушта болчумун.
Врач отделения педиатрии центра семейной медицины №12 Дилара Искакова - Sputnik Кыргызстан
Педиатр Искакова: жаш кезде күндүзү аймактык дарыгер, бир күн кечинде жандандыруу бөлүмүндө, эртеси тез жардам кызматында иштедим, кыскасы түнү менен жумушта болчумун.

— Бишкекке келип иштегенде кыйналган жоксузбу?

— Шаарга келгенде №12 поликлиника жаңы ачылып жатыптыр. Элди каттоо үчүн үйлөрдү кыдырчубуз, элдерге карап кечкисин барчубуз. Бир жолу караңгыда баратып баткакка өтүгүм тыгылып, алып чыга албай калгам. Анан кесиптештериме "Арча-Бешик бир өтүгүмдү жеп кеткен" деп тамашалап калчумун. Азыр, кудайга шүгүр, үйлөргө номер коюлуп, көчөнүн аттары жазылып калды. Башында жашоочулар көө, бор менен белги коюп жүрүшкөн. Иттер шумдук көп эле, биз эми көнүп калдык да. Чоң эле эже иштегени келген, кечинде мени менен ишке чыкса көчөдөн ит кубалап, ал мени айланып качканы эсимде. Эртеси "жериңер жаман экен" деп жумуштап кетип калды.

Оорукананын коридорундагы кызы менен аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки кызы менен ВИЧке кабылган келин: күйөөм бизди адам болбойт деп...
Биздин поликлиникада балдарга алгачкы жардам көрсөтөбүз, ошонун жыйынтыгы менен түрдүү ооруканаларга жиберебиз. Жумуш оор, биз советтик дарыгерлерденбиз, жаштар жарым жылга жетпей иш ташташат.

Тейлеген жерибиз жаңы конуштар. Арча-Бешик, Ак-Ордо, Ак Өргөдөгү жашоочулар келет. Көбү жаштар, баланын саны көп. Бир дарыгерге бир жашка чейинки 50-60 бала туура келсе, биздикилер 200-300 бала менен отурушат. Дарыгер жетишсиз.

— Ишиңиз эмнеси менен кубандырат?

— Керегим элге жарагыныма кубанам. Бөтөнчө бирөөнүн өмүрүн сактап калганда ыраазы болом. Дарыгер болуу оңой эмес, кээде үй-бүлөң тууралуу да унутуп каласың. Ишиң бүткөндөн кийин ар убак бейтаптарыңды ойлоп, санаа тарта бересиң. Жадакалса тойго барсак да бейтап тууралуу кеп кылабыз.

Ар бир медик ишинде бир нерсеге басым жасайт, мен ар дайым эмдөөдөн баш тарткандар менен күрөшүп, мүмкүн болушунча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келем. Менингит, кептөөр, кызамык, кызылча, шал, көк жөтөл сыяктуу оорулардын бардыгы эмдөөдөн баш тарткандан келип чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0