КР спортчуларынын Көчмөндөр оюнунун ачылышында формасыз чыккан себеби айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын ачылыш аземине кыргыз спортчулары
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын ачылыш аземине кыргыз спортчулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттик түшүндүрмө берди.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын ачылыш аземине кыргыз спортчулары улуттук кийим кийип чыгышкан жок.

Мунун себебин Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги өтпөй калган тендерге байланыштырды.

Эске салсак, буга чейин аталган ведомство Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын салтанаттуу бөлүгүнө кийип чыкчу форманын дизайнына сынак жарыялаган

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын ачылыш аземине кыргыз спортчулары улуттук кийим кийип чыгышкан жок.
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын ачылыш аземине кыргыз спортчулары улуттук кийим кийип чыгышкан жок. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын ачылыш аземине кыргыз спортчулары улуттук кийим кийип чыгышкан жок.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭске салсак, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндарында спортчулар улуттук форма кийишкен.
Эске салсак, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндарында спортчулар улуттук форма кийишкен. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Эске салсак, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндарында спортчулар улуттук форма кийишкен.
1/2
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын ачылыш аземине кыргыз спортчулары улуттук кийим кийип чыгышкан жок.
2/2
Эске салсак, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндарында спортчулар улуттук форма кийишкен.

"Шарт боюнча комплектиге баш жана сырт кийим, эркектер үчүн шым, аялдар үчүн көйнөк болушу керек. Мунун баары улуттук колоритте тигилип, Көчмөндөр оюндарынын эн белгиси тагылышы зарыл", — дешкен агенттиктен.

III Всемирные игры кочевников. 3 день. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Көйкөлгөн кыздар, балпайган байбичелер. Кыргыздын көз талдырган кийимдери сүрөттө
Бирок ачылыш салтанатына кыргыз спортчулары жөнөкөй эле спорттук кийим менен чыгышты.

"Спортчуларыбыз быйыл улуттук форма кийген жок. Анткени тендер болбой калып, биз да сынак өткөрбөй эле коюуну чечкенбиз. Ошондуктан спортчулар жөнөкөй эле спорттук кийим менен чыгышты. Параддык костюмдарды быйыл маданий кызматкерлер эле кийишти", — деди агенттиктин маалымат катчысы Нурпери Садырбекова.

Эске салсак, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндарында спортчулар улуттук форма кийишкен. Расмий ачылышта эркектер чапан, калпак кийсе, аялдар улуттук көйнөк, чапан жана буттарына булгарыдан жасалган өтүк менен чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0