Кайнатанын батасын алган келин. Жээнбековдун жубайы Айгүл Токоева жөнүндө 8 факты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОфициальный визит президента Турции Реджепа Тайипа Эрдогана в Кыргызстан
Официальный визит президента Турции Реджепа Тайипа Эрдогана в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчынын артында туруп, анын тылын бекемдеп, ийгиликтерине себепкер болгон аялзаты тууралуу баары эле билгиси келсе керек.

Бирок Кыргызстандын азыркы канайымы Айгүл Токоева жөнүндө басма сөз беттеринде көп айтыла бербейт. Андыктан Sputnik Кыргызстан агенттиги биринчи айым тууралуу бир нече факты даярдады.

Маалыматтар ачык булактардан жана Токоеванын үй-бүлөсүнө жакын адамдардан алынды.

Туулган жери. Айгүл Токоева Кара-Кулжа районунун Биринчи Май айылында туулуп, өскөн. Орто билимди ошол эле айылдагы XXIII партсъезд (азыркы Ажыбек Юсупов — ред.) атындагы мектептен алган. 

Ата-энеси ким болгон? Атасы Токо (Төкө) Култумушев райондук керек-жарак коомунун кызматкери болгон. Үй-бүлө турмушу тың, бардар жашап, бирок ал киши дүйнөдөн эрте өтүп кеткен. Энеси мамлекеттик сыйлыктарды алып, аймакка аты чыккан Капар аттуу чабандын кызы — Сылан Капарова. Айылдаштарынын айтымында, балдарын оокатка бышырып, эмгекчил кылып тарбиялаган. Кийин ажылыкка барып келген. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАйгүл Токоева жубайы, КР президенти Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясында
Торжественная церемония официального вступления Сооронбая Жээнбекова в должность президента КР - Sputnik Кыргызстан
Айгүл Токоева жубайы, КР президенти Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясында

Тун кыз. Токоева үй-бүлөнүн улуу кызы. Өзүнөн кийин беш сиңдиси жана үч иниси бар. Биринчи айым тогуз бир тууган болуп, ошондо жубайы да, өзү да көп балалуу бүлөдөн чыккандыгын аңдайбыз.

Суу алган селки менен жаш адис. Айгүл айым чырайлуу, токтоо, ашыкча сүйлөбөгөн кыз болгондуктан, мектепти аяктаары менен куда түшкөндөр көп болгондугун айтышат. Атасы "кызымды окутам" деп эч кимисине макул болгон эмес дешет. Сегиз чакырым аралыкта жайгашкан Биймырза айылынын ал кездеги зоотехниги Сооронбай Жээнбеков Биринчи Май аркылуу жайлоого каттап, иштеп жүрөт. Бир ирет жаш адис унаа менен бара жатып жол жээгинен байкаган, суу алып жаткан кызды автоунаасын токтотуп келгиче таппай калат. Жээнбеков айылдык дүкөнгө кире калып, Шарапат аттуу сатуучудан "азыр эле көргөн, периштедей болгон кыздын" дайын-дарегин сурайт. Акыры ошол Шарапат жеңенин жардамы менен селкинин аты Айгүлдүгүн жана кимдин кызы экендигин билет. Көп өтпөй бийкечке болочоктогу кайненеси келип сөйкө салып, үлбүрөгөн жаш кыз Жээнбековдордун босогосун аттайт… 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттик жаңы жыл балаты майрамында Сооронбай Жээнбеков менен биринчи айым Айгүл Токоева
Президентская елка для школьников в Национальной филармонии имени Токтогула Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Президенттик жаңы жыл балаты майрамында Сооронбай Жээнбеков менен биринчи айым Айгүл Токоева

Кайната-кайнененин батасын алган келин. Айгүл Токоева алардын колунда 10 жылдай болуп, сый-урматын көрсөткөн. Алардын үй-бүлөсүнө жакын адамдардын айтымында, жаш келин кылган кызматы, адамкерчилиги менен жагып, кайната-кайнененин батасын алган. Алардын колунан жолдошу (Сооронбай Жээнбеков — ред.) Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасынын депутаты болгондо гана кеткен.

Күйөөсүнөн 10 жаш кичүү. Расмий маалыматта, биринчи айым жолдошунан 10 жаш кичүү, 1968-жылы туулган. Бирок, кээ бир маалыматта 1967-жылы деп да айтылып келет. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЧолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда чет элдик конокторду күтүп жаткан учуру
Президент Сооронбай Жээнбеков с супругой  - Sputnik Кыргызстан
Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда чет элдик конокторду күтүп жаткан учуру

Балдары. Эки баланын энеси, бир неберенин таенеси. Кызы Бактыгүл Жээнбекова турмушка чыгып, былтыр уулдуу болгон. Президенттин небересинин аты — Алиаскар. Уулу мектеп жашында. 

Көп күттүргөн канайым. Канайым буга чейин жолдошун коштоп бир нече жолу иш-чараларга барганы менен, кыргызстандыктар кең-кесири ушул аптанын башында көрө алды. Токоева эл аралык маанидеги бир топ иш-чарага катышып, чет элдик конокторду тосуп алып, башка президенттердин жубайлары менен жолукту. Улуттук китепканада Чыңгыз Айтматов борборунун, Фучик көчөсүндөгү №1 оорукананын жанына салынган бейтапкананын ачылышында болду. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндарында Кырчын жайлоосунда тигилген "Бишкек ордо" этно-шаарчасына баш бакты

© пресс-служба мэрии города БишкекТүркиянын президентинин жубайы Эмине Эрдоган менен. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары, Кырчын жайлоосу
III Всемирные игры кочевников. 2 день. Этногородок Бишкек ордо в ущелье Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Түркиянын президентинин жубайы Эмине Эрдоган менен. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары, Кырчын жайлоосу

 Мамлекет башчынын жубайы учурда үй кожойкеси. Мындан тышкары, айыл жана мал чарбачылыгы боюнча чакан ишкерлик кылары айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0