ЧОЛПОН-АТА, 8-сен. — Sputnik. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндарынын жабылыш аземинде президент Сооронбай Жээнбеков түрк тарапка идишке куюлган мөңгү суусун өткөрүп берет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов маалымдады.
Анын айтымында, идишке мөңгү суусу толтурулуп ат майданга алып келинет. Мөңгү суусу олимп оту сыяктуу Көчмөндөр оюндарынын символу болмокчу.
"Мөңгүлөрдү сактап калуу учурдун чоң көйгөйү. Ошондуктан биз аны кокустан тандап алган жокпуз. Мөңгү суусу куюлган идишти өткөрүп берүү олимп отун тапшырган жөрөлгө сыяктуу өтмөкчү. Иш-чаранын жабылыш аземинде өткөндөгүдөй, бирок азыркы жашоого басым жасалган көчмөндөрдүн философиясы тууралуу да айтылат", — деди Боронов.
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндарынын жабылыш аземи бүгүн, 8-сентябрда кечки саат 20:00дө Чолпон-Ата ат майданында өтөт.
Белгилей кетсек, 2020-жылы Көчмөндөр оюндары Түркия мамлекетинде болмокчу.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.
Саат тапшыруу аземи "Кант" авиабазасында болуп, анда Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери болгон.
Машыгууга эки миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобиль, сооттолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле 10дой авиациялык техника тартылган.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Ош шаарында балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, жаңы оорукананын ачылыш аземине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов катышкан. Иш-чарада министр дарыгерлердин айлык акылары көтөрүлө тургандыгын белгилеген.
Ал эми вице-мэр Эмиль Шадыханов былтыркы жылдагы каталыктарды кетирбеш үчүн шаар мэриясы болгон күч аракетин жумшап, жугуштуу илдет боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын көрүп жаткандыгын кошумчалаган.
100 орунга ылайыкташкан оорукананын курулушу бир жыл ичинде бүткөнү айтылды. Ал эми медициналык мекеменин эски имараты толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөнү маалым болду.