Москвада кыргызстандыктарды тебелеткен адам соо болгон

Жазылуу
Жабырлангандардын саны канча экендиги так айтыла элек.

БИШКЕК, 9-сен.  — Sputnik. Москва шаарында кафедеги чырдан кийин кыргызстандыктарды автоунаасы менен тебелетип кеткен адам мас эмес, соо болгон. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Новочеркасский бульварында Volkswagen Polo автоунаасынын айдоочусу бир нече адамды тебелетип кеткен.

Маалыматтарга караганда, автоунааны кыргызстандык айдоочу башкарып жүргөндүгү, бул кандуу ишти ал кафедеги уруш-талаштан кийин жасагандыгы айтылды.

"Медициналык кароодон кийин автоунаанын айдоочусу мас эмес, соо болгондугу аныкталды", — деп айтышкан маалымат кызматынан.

Жабырлангандардын саны канча экендиги так айтыла элек, ЖМКлардын маалыматында 10 адам деп айтылууда. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен жабырландардын санын тактап жаткандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0