Москва: мекендештерин унаа менен койдурду деп шектелген адамдын тек-жайы аныкталды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКамактагы адам. Архив
Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектүү 15 жылдан бери Москвада жашап, ата-энеси менен биргеликте Россиянын жарандыгын алган.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Москвада мекендештерин унаа менен койдуруп кетти деп шектелген Бекжан С. аттуу адам  Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Токтогул айылында төрөлүп, кийинчерээк Россиянын жарандыгын алган. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына аталган айылдын башчысы Сулайман Жүжүбаев билдирди.

Москва шаарындагы полиция автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада кыргызстандыктарды унаа тебелеп кеткен ирмемдин видеосу
Эске сала кетсек, жекшемби күнү эртең менен Москванын Новочеркасский бульварында өзүнүн бир нече мекендешин унаа менен койдурду деп шектелген 21 жаштагы Бекжан С. аттуу жаран кармалган. Кырсыктын кесепетинен тогуз киши жабыркап, бешөө ооруканага түшүп, бирөө каза тапкан.

Жүжүбаевдин айтымында, кылмышка шектүү жаран 15 жылдан бери Москвада жашап, ата-энеси менен биргеликте Россиянын жарандыгын алган.

"Бекжан үйдүн улуусу, иниси жана үч карындашы бар. Москвада 2000-жылы туулган карындашы жана апасы менен чогуу иштеп жатышкан. Атасы акыркы учурда үч баласы менен айылга кайтып келген болчу. Ал окуя тууралуу кабары жок деп айтып жатышат. Алар Бекжандын угуусу начар экендигин жана II топтогу майып экендигин айтышты", — деди айыл башчысы.

Кылмышка шектүү Россиянын жараны экендигин редакцияга Кыргызстандын элчилигинен да тастыкташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0