Улуттук госпиталдын кулак-мурун оорулары боюнча дарыгерлери Бактыгүл Каримова жана Калыс Бакиева редакциябызга келип, күз мезгилинде күч алган кулак-мурун оорулары жана бул илдеттин алдын алуу жолдорун айтып берди.
— Кулак-мурун оорулары эмнеден улам пайда болот?
— Илдеттин алдын алууга болобу?
— Дарылоо этаптары кандай жүргүзүлөт?
К.Б: — Бул оорунун деңгээлине жараша болот. Албетте, баштапкы этаптарда дарылоо жеңил. Эгер кулак-мурун оорулары вирустук абал менен башталса башында жөнөкөй дарылар берилет. Катаалдашып кеткен убакта антибиотик кошобуз. Эгер андан да татаалдашып кетсе күчтүү деген дары-дармектер менен дарылоого туура келет.
— Өз алдынча дарыланууга мүмкүнбү?
К.Б: — Азыркы убакта, тилекке каршы, интернет аркылуу дарылангандар көбөйдү. Ал жакта жалпы маалымат жазылгандыктан, айыгып кетүүгө кепилдик жок. Бул илдетке чалдыккан ар бир жаран врачка жеке кайрылып, кеңеш алуусу керек. Анткени ар бир адамдын организми ар кандай болот. Бири-бирине такыр окшобогондуктан, жеке доктурга көрүнүү талап кылынат. Интернет аркылуу дарыланам деп, ооруну ого бетер күч алдырып жиберүү мүмкүн. Эскерте кетели, кулак-мурун оорулары аба аркылуу да жугуп, өзгөчө жаш балдар менен кош бойлуу аялдар үчүн кооптуу. Ошол үчүн бет кап кийүү шарт.Б.К: — Бет капты ар эки саат сайын аны алмаштырып туруу керек. Эгер убагында алмаштырылбаса микробдор ошол эле жерде калып, айыгуу мүмкүнчүлүгү азайып, чүчкүргөн сайын кайра толо берет.
— Маршруткада өзгөчө эртең менен жана кечки убакта жүргүнчүлөр көп болот эмеспи. Мындай учурда бир адамдын чүчкүрүүсү жанындагы адамдарга оору жуктурабы?
Б.К: — Албетте, маршрутканын ичинде 10-15 адам болгон учурда бир адам чүчкүрсө калган 10 адамга жугушу мүмкүн. Бирок бул ошол жердеги бардык жүргүнчүлөр ооруп калат дегедик эмес. Эгер иммунитет күчтүү болсо, көбүрөөк витамин жеп, көп суу ичип эрежелерди сактаса оору жукпайт.
— Кайсы витаминдерди жеш керек?
К.Б: — Биздин өлкө витаминдерге бай. Өз убагы менен тамактанса оорулардын алдын алса болот. Комплекстүү витаминдерди жегенге чакырабыз. Лимонду чайга кошуп ичүүнү сунуштайбыз. Анын курамында С витамини бар. Ошондой эле бүлдүркөндүн кыямы да адам организми үчүн абдан пайдалуу.