Генерал-лейтенант, экс-министр обороны Исмаил Исаков

Келиндердин ичин жарып... Исмаил Исаков Тажикстандагы жарандык согуш тууралуу

1754
(жаңыланган 17:42 13.09.2018)
Мирбек Сакенов
Тажикстанда 1992-жылы жарандык согуш башталганда коңшу өлкөнүн чек арасын бекемдеп, тынчтык орнотуу үчүн кыргызстандык жоокерлер да барган. Кыргыз бийлиги ошол жылдын 9-сентябрында 296 аскерди Хорог менен Иш-Кашим чек ара отряддарынын заставаларына бөлүп берген.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ошол кезеңди эскерип, мурдагы коргоо министри, генерал-лейтенант Исмаил Исаков менен маек курду.

— Тажикстанга 26 жыл мурда Кыргызстандын тынчтык батальону кандай чечимдин негизинде киргизилген?

— Негизи бул маселеде эки маанилүү документ бар. Биринчиси, 1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш башталганда 16-ноябрдан 2-декабрга чейин Кожентте өткөн тогузунчу жараштыруу сессиясында Тажикстанга Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан тынчтык батальонун киргизүү жөнүндө кайрылуу кабыл алынган. Экинчиси, 1993-жылы январь айында Минск шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө болгон өлкөлөр Тажикстандын Афганистан менен чектешкен аймагын стабилдештирүү маселесин карап чыгып, ал чек араны кайтарган россиялык жоокерлерди күчтөндүрүү максатында Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Россиядан 500 аскерден турган бирден батальон бөлүп берүү чечими кабыл алынат. Бирок КМШ өлкөлөрдүн чечимине чейин президент, коргоо министрлеринин деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп, ал документтер күчүнө киргенге чейин эле биз 1992-жылы 9-сентябрда 296 жоокерди Хорог менен Иш-Кашим чек ара отрядарынын заставаларына бөлүп бергенбиз. Ошол эле жылы ноябрь айынын аягында 250гө жакын кызматкерди жеткирип, Хорог чек ара отрядынын заставаларын күчөткөнбүз. Бул эки команда тең бирдиктүү батальондун курамына кирген эмес. Бирдиктүү батальонду 1993-жылдан баштап ар бир өлкөнүн жоопкерчиликтүү участоктору чечилгенден кийин алып бара баштадык. 

Генерал-лейтенант, экс-министр обороны Исмаил Исаков в Таджикистане
© Фото / Александр Ким
Кыргызстандык жоокерлер Тажикстанда жалпы жети жылдай чек ара кайтарган

— Ошондо жалпы жети жылда ал жакка канча жоокер барган?

— КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын чечиминде батальондун саны боюнча 500 деп жазылганы менен биз өзүбүздүн тапшырмабызга карап 300дөн 470ке чейинки аскерден турган батальонду түзүп, аларды ар бир алты айда алмаштырып турдук. Жалпы Тажикстандын чек арасында 4500-5000дей жоокер өкмөттүн тапшырмасын так аткарып, мамлекетибизди, элибизди уят кылышкан жок. Барган офицерлердин арасынан Генералдык штабдын башчылыгына, министрлик кызматка чейин жеткендер болду. Ошол тармакты тейлеген, аларды көп жолу жетектеп барган коргоо министринин биринчи орун басары катары мен алар менен сыймыктанам.

— Жоокерлерди каржылоо кимдер тарабынан болгон?

— Башында азык-түлүк менен Россиянын чек ара отряддары камсыздаган. Кийин эсептешип кеткен чыгымды биз төлөп берчүбүз, Убакыт өткөн соң батальонду камсыздоо толугу менен биздин эсебибизден жүрдү. 

Генерал-лейтенант, экс-министр обороны Исмаил Исаков
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
1990-жылдары генерал-лейтенант Исмаил Исаков Коргоо министринин биринчи орун басары болуп иштеген

— Кыйын кезеңде коңшу өлкөдө тынчтык орнотууда айрым инсандардын эмгектери азыркыга чейин айтылып келет. Мисалы, ошол учурдагы өлкө башчысы Аскар Акаев, тышкы иштер министри Роза Отунбаева жана элчи Эрик Асаналиев тууралуу кеп болгон. Бул боюнча эмне дейсиз?

— Адилеттүүлүк үчүн айтып коюшум керек. Ошол Тажикстандагы жарандык согушту токтотууга президент Акаевдин эмгеги эбегейсиз зор болгон. Тынчтыкты орнотуу үчүн нечен жолу анын демилгеси КМШ өлкөлөрүндө эле эмес, эл аралык деңгээлде каралды. Анын түздөн-түз көрсөтмөсү менен ар тараптуу жардам берилип турду. Эң башкысы, анын ошол учурдагы демократиялык принциптердин негизинде жүргүзгөн либералдык саясаты бардык министрлердин колу-бутун тушабай, эркин иш алып барганга шарт түзүп берген. Мындан улам ТИМ жетекчиси Роза Отунбаева мамлекеттин тышкы саясатын эркин жүргүзүүгө жетишип, жарандык согуш болуп жатканына карабай Тажикстан менен болгон мамилени союз учурундагыдай кармап турду. Аскер саясатын коргоо министри Мырзакан Субанов дагы туура нукта ишке ашырып турган. Тажикстандын ички акыбалына реалдуу түрдө баа берип, эки тараптуу катнаш боюнча кара жумуштун баарын аткарган элчи Эрик Асаналиев болду. Кезинде туура мамлекеттик саясаттын негизинде жүргүзгөн эмгегибизди тажик бийлиги бүгүнкү күнгө чейин эскерип, азыркы министрлер чын дилден салам дубай айтып турушат.

— Чындыгында согуш маалында Тажикстанда жүз миңдеген адам каза болуп, бир тобу дайынсыз жоголуп кеткен. Сиздер кандай кайгылуу учурларга туш болдуңуздар?

— Көп нерсе көрдү. Анын баарын айтуу туура эмес болуп калат. Бирөөнүн ички сезимин, жек көрүүсүн ойготуп алышыбыз мүмкүн. Өлүмсүз согуш болбойт, бирок анда акылга сыйбаган мыкаачылыктар орун алган. Мисалы, анда аялдардын ичин жарып салганга чейин барышкан. 

  • Генерал-лейтенант, экс-министр обороны Исмаил Исаков
    Тажикстандын чек арасын кайтарууга жалпы беш миңдей кыргызстандык барган
    © Фото / Александр Ким
  • Генерал-лейтенант, экс-министр обороны Исмаил Исаков
    Кыргызстандан согуш болгон жерге чейин автобустар менен барышкан
    © Фото / Александр Ким
1 / 2
© Фото / Александр Ким
Тажикстандын чек арасын кайтарууга жалпы беш миңдей кыргызстандык барган

— Ошол учурда качкындар көп болуп, өлкө ичинде холера оорусу да чыгып кеткен делет. Сиздер кандай шартта иштедиңиздер?

— Албетте, согушта качкындар сөзсүз болот. Болгондо дагы социалдык жардамга муктаж улгайган адамдар, аялдар, балдар. Кыргызстанга качкандар Чоң-Алай районунун Карамык айылы аркылуу 1993-жылы өтүшкөн. Ага чейин менин жетекчилигимдин алдында өкмөт мүчөлөрү, облустук, райондук жана жергиликтүү бийлик органдарынын адамдары менен машыгуу өткөргөнбүз. Анда качкындарды кандай кабыл алып, кандай мамиле кылуу керектигин көрсөтүп бергенбиз. Чек арада көзөмөлдү күчөтүп кошумча постторду да койгон элек. Качкындар келе баштаганда аларды иреттүү текшерүүдөн өткөрүп, маданият үйүнө жайгаштырып, ысык чай, тамак берчүбүз. Анан автобустарга салып МАИнин коштоосунда Ош — Баткен жолу менен Тажикстандын тынч райондоруна өздөрүнүн суранычы боюнча жиберип турганбыз.

Холера оорусу кайсы жерден чыкканын так айта албайм, бирок ошол учурда сөз болгон. Шарт боюнча айтсам, 1993-жылы чек араны иреттүү кайтаруу үчүн "коалициялык күч түзөлү" деп Душанбеге сүйлөшүүгө бардык. Ошондо Тажикстандын Коргоо министрлигинин имаратында калуу кооптуу болгондуктан Россиянын 201-дивизиясынын имаратынын ичиндеги класста сүйлөшкөнбүз. Ал жактан кеткенче бизди жоокерлер кайтарып, аскер техникасынын коштоосу менен жүрдүк. Ушундай шартта иштеген күндөр көп болгон. 

Генерал-лейтенант, экс-министр обороны Исмаил Исаков
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Исмаил Исаков: тажикстандык качкындар Чоң-Алай районунун Карамык айылы аркылуу 1993-жылы өтүшкөн

— Кыргызстандык жоокерлер арасында жоготуулар болгон эмес экен, бирок төрт жоокер туткунга түшүп калган окуя катталган. Ошол тууралуу кененирээк айта кетсеңиз.

— Чындыгында башка өлкөлөргө салыштырмалуу биздин участокто согуштук аракеттерден же атайын кол салуунун кесепетинен өлгөндөр болгон эмес. Бирок кооптуу окуялар орун алган. Ошол учурда тоолуу бадахшандыктардын жашоо турмушу бизге көз каранды болгондуктан кимиси болбосун биз менен ынтымакта жашоого аракет кылчу. Анткени тамак-аш, азык-түлүк, отун, көмүр Ош — Хорог жолу аркылуу ташылгандыктан жергиликтүүлөр биз менен жакшы мамиледе болууга кызыкдар эле.

Ал эми колго түшкөн төрт жоокер 1992-жылы Хорог отрядына баргандардын катарында болгон. Ал учурда ар кандай улуттагы жоокерлер арасында дагы келишпестиктер кездешчү. Ошондо кыргызстандык төрт жоокер жергиликтүү элден маалымат алып, Афганистандын аймагы аркылуу Мургабга чыгып, андан ары Кыргызстанга өтүп кетүүгө аракет кылган. Алар Пянж дарыясынан өтүп, туткунга түшүп калган. Балдарды бошотуу үчүн министрдин буйругунун негизинде оперативдүү топ түзүлүп, мен ал жерге барып өзүбүздүн байланыштар аркылуу сүйлөшүүлөрдү бир нече күн жүргүзгөнбүз. Ошондо түн ортосунда афгандыктар өткөрүп бермек болуп, бирок башка күчтөрдүн бут тосууларынын кесепетинен оюбуз ишке ашкпай калган. Ошентсе да Душанбе аркылуу чыгаруу убадасы күчүндө эле. Кийин ал маселени Аскердик чалгындоо башкармалыгынын башчысы Жумабек Асанкуловго тапшыргам. Ал өзүнүн аракетинин аркасында аскер кызматкерлерин чыр-чатагы жок, аман эсен алып келген. 

Генерал-лейтенант, экс-министр обороны Исмаил Исаков
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Исаков: 1999-жылы өкмөттүн токтомунун негизинде тынчтык батальону толугу менен Тажикстандан чыгарылган

— 1997-жылы Москвада согушкан тараптар бир пикирге келип элдешүү чечимин кабыл алышкан. Сиздер эмнеге дагы эки жылга калып калдыңыздар? Бул убакыт аралыгында кандай милдеттер аткарылды?

— Бир пикирге келип согуш жалпысынан токтогону менен ар бир кыштак, район, шаарды толук тартипке келтирүү үчүн убакыт талап кылынган. Ишканаларын иштетип, экономикалык абалын жөнгө салууга да убакыт керек болчу. Анын үстүнө Тажикстандын чек арасын кайтарууга чамасы чак эле. Кийин кырдаал жөнгө салынып, абалы жакшы нукка кете баштаганда 1999-жылы февраль айында өкмөттүн токтомунун негизинде батальонду толугу менен Тажикстандан алып чыктык. Биз 1997-жылдан кийин деле мурункудай эле Иш-Кашим участогундагы 100 чакырым чек араны кандай кайтарып келсек, так ошол тилкени кайтарып турдук.

— Коңшу өлкөнүн башынан өткөргөн кыйынчылыктарын көрүп кандай жыйынтык чыгардыңыз?

— Биринчиден, өлкөнүн коопсуздугун, аймактын бүтүндүгүн сактоо үчүн армияны жакшы камсыздап караш керек экен. "Өзүңдүн армияңды карабасаң, бирөөнүн армиясын багасың" деген сөз ар бирибиздин оюбузда болушу абзел. Экинчиден, бийликтегилердин тазалыгы, элине болгон камкордугу жана алардын адилеттүүлүгү болбосо болбойт. Үчүнчүсү, эң негизги өлкөдө мыйзамдын диктатурасынын өкүм сүрүшү кажет. Жөнөкөй сөз менен айтканда, мыйзам жарандардын улутуна, динине, саясий көз карашына, бийлигине карабай бардыгына бирдей иштеш керек. Ушундай шартта гана өлкө ичинде стабилдүүлүк болуп, өлкө өнүгүп, эл эркин жашап, жашоо турмуш жакшырат.

1754
Белгилер:
маек, коопсуздук, согуш, Аскер, Исмаил Исаков, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Төрт жоокерди моджахеддерден алып чыккан. Генерал-лейтенант Асанкулов жөнүндө 7 факты
Согуш 9-майда бүткөн эмес. Текселде аккан кан, өзүнө мүрзө казган жоокерлер
Пикирлер