Комузчу. Архивдик сүрөт

Белгилүү комузчу Руслан Жумабаев каза болду

1118
(жаңыланган 14:24 11.09.2018)
Өнөрпоз ооруканада болчу.

БИШКЕК, 10-сен. —Sputnik. Кыргыз элинин белгилүү комузчусу Руслан Жумабаев каза болду. Бул маалыматты анын кесиптештери тастыктады.

Алардын айтымында, 45 жаштагы Жумабаев бөйрөгү ооруп, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткан. 

СССРдин эл артисти, Мамлекеттик думанын депутаты Иосиф Кобзондун архивдик сүрөтү
© Sputnik / Алексей Куденко
Бир катар сынактардын конкурс-фестивалдардын лауреаты өзү да шакирт даярдоого жетишкен. 

Жумабаев “Ордо Сахна” тобунда, Улуттук филармониянын Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде, мэриянын алдындагы эл аспаптар оркестринде комуз чертип, Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторида сабак берчү.

Эскерте кетсек, 2016-жылы өткөн Көчмөндөр оюндарында 1000 комузчунун коштоосунда Атай Огонбаевдин “Маш ботой” күүсүн чертип, даңазасы арткан.

1118
Белгилер:
комузчу, Руслан Жумабаев, Кыргызстан
Тема боюнча
Борбор Азиядагы туңгуч аял хирург Какиш Рыскулова дүйнө салды
Пикирлер