Бишкекте футбол оюну учурунда электр жарыгы эки ирет өчтү

© Sputnik / Табылды КадырбековТоварищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана
Товарищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Прожекторлор "унчукпай" турганда күйөрмандар телефон аппараттарынын жарыгын күйгүзүп турушту.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча мелдеш өтүп жаткан кезде прожекторлор эки ирет өчтү. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен билдирди. 

© Sputnik / Расул УсеналиевФутбольный матч Кыргызстан — Сирия
Футбольный матч Кыргызстан — Сирия - Sputnik Кыргызстан
Футбольный матч Кыргызстан — Сирия

Окуянын видеосу социалдык тармактарга жайылды. Ал таймаштын биринчи таймы бүтүп, экинчиси башталар алдында болгон. 

Прожекторлор "унчукпай" турганда күйөрмандар телефон аппараттарынын жарыгын күйгүзүп турушкан.

Кыргызстан менен Сириянын футбол боюнча командаларынын беттеши саат кечки сегизде башталган. Учурда оюн жүрүп жатат. 

Стадиондон түз алып берүүнү Sputnik Кыргызстандын сайтынан көрө аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0