Акын Аалы Туткучев Көчмөндөр оюндарында

Аалы акын Көчмөндөр оюнунан эки тулпар минип кайтты. Тартуунун чоо-жайы

(жаңыланган 19:20 14.09.2018)
Ак таңдай акын Аалы Туткучев Көчмөндөр оюндарынан эки тулпарлуу болуп кайтты. Бирин аламан байгени жеңген күлүктүн ээси берсе, экинчисин Көчмөндөрдүн улуу балбаны байгеге алган аргымагын тартуулаган. Буга акындын сөз кудеретинен тапкан акындык өнөрү себепчи болгон экен.

Туткучев "атка жакын жаным эки күлүктү тең Бишкекке алып келип, үйдө эмес ипподромдо жашап калдым" деп тамашалады. Белекке берилген тулпарлардын чоо-жайы тууралуу акын менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков баарлашты.

Белгилей кетсек, Көчмөндөрдүн улуу күрөшү быйыл гана негизделип, алгачкы ирет өткөрүлдү. Бул мелдешке күрөштүн 13 түрүнүн абсолюттук салмагынан алтын медаль тагынгандар жолдомо алат. Оюндардын акыркы күнүндө 8 мамлекеттин 13 балбаны күчүн сынап, Россиянын Тыва субъектисинен келген Айдын Монгуш жеңүүчү аталган. Бул негизги мелдеш болгондуктан балбандардын баарына калпак, чепкен кийгизилди. Ал эми улуу балбан 1 миллион сом, көчмөндөрдүн алтын куру жана шакеги менен сыйланды. Мындан сырткары, улуу балбан титулун ыйгарып, токулган аргымак мингизип, колуна камчы карматышты.

Известный кыргызский акын Аалы Туткучев на III Всемирных играх кочевников
© Фото / Улан Эралиев
Аалы Туткучев: кыргызда тартууга бергендин да ырымы болот эмеспи, тоголоктоп 100 миң сомду Айдын Монгуштун колуна карматтым

— Алгач алган белектериңиз кут болсун дейли. Көчмөндөрдүн улуу балбанына байгеге берилген ат сизге кантип тартууланып калганы туурасында айтып берсеңиз?

— Көчмөндөрдүн улуу күрөшүн улуттук дух менен өткөрүүнү максат кылып Улан Эралиев, Аскат Акибиевдер башында турушкан. Улуттун уңгусун даңазалаган мелдеш болуп жатса, анан биз дагы сыртта карап турбайлы деп барганбыз. Баян Акматов экөөбүз 13 балбандын ар бирин бирден даңазалап ыр менен килемге чакырдык. Ошондо мага Тывадан келген Айдын Монгуш туш келген. Өзү да кыргызга окшош бети жалпак бала экен. Натыйжада жеңишке жетти. Ал деле Россияга атын алып кете албайт да. Мен эч нерседен кабарым жок эле комуз, кийимдеримди унаага салып жаткам. Балким ошол жердегилердин сунушу болдубу, чакырып келип ошол атты тартууга беришти. Футболкачан жүргөм да, аны билгенде калпак, чапанымды кийип, комузумду ала келмек экенмин. Кеч болсо да кайра алдыра коюп, жамактап рахматымды айттым. Кыргызда тартууга бергендин да ырымы болот эмеспи. Тоголоктоп 100 миң сомду анын колуна карматтым.

— Алган аргымагыңыз кандай экен, азыр каякта багып жатасыз?

— Негизи эле өзүм атка кызыккан жанмын. Анысы чынында жакшы ат экен. Кыргыздар да уят болбойлу деп улакка чабылган мыкты атты беришиптир. Эми аны менен улак тартып баштайм буюрса! Айдын мингенде эле элдин алдында ого бетер чакчаңдап сынына чыккан. Дароо эле Бишкектеги ипподромго алып келип, тааныштардын сарайына киргизип жем-чөбүн жеткирип бердим.

— Айдын Монгуштун өзү менен жеке сүйлөштүңүзбү?

— Ал күнү Айдын аябай толкунданып эмне кылышын деле билбей калды. Мындай сый-урматты күтпөгөн окшойт. Себеби кыргыздар аны аябай даңазалап койду. Өзү дагы жайдары, жылмайып жүргөн жигит экен. Мындайча айтканда Кудай анын пейилине жараша берди окшойт. Атын мага бергенден кийин ырымдап куйругунан жулуп алып кетти. Негизи тывалыктардын каны кыргыз да. Алар да атка жакын.

— Мындан сырткары да аламан байгеден биринчи болуп келген "Байтору" тулпардын ээси да сизге бир күлүк белек кылганын уктум. Бул окуя кандайча болду?

— Ал күлүктүн ээси Турсунаалы Мамбетаитов деген белгилүү саяпкер, канча жылдан бери байге ээси болуп келет. Таптаган саяпкери Керим Өмүралиев аны "аялы менен сүйлөшпөй аттары менен сүйлөшөт, балдары менен сүйлөшпөй Байтору менен сүйлөшөт" деп коёт. Бул атты дагы сүйлөтөт деген таризде айтылган кеп.

Бир жолу интернетте казактардын байге утуп жүргөн мыкты тулпары Мурагер жөнүндө төрт сап ыр жазып интернетке чыгарып коюптур.

"Чапкандай кара тоонун коюнунда,
Барыңды сал Көчмөндөрдүн оюнунда.
Мурагер тарыхында кал кыргыздардын,
Күбө болсун эл, бир адеми кызыгыңа",
 — деп жазган экен.

Аны саяпкерлердин WhatsApp группасына жөнөтүшсө "биздикилер да намыс бербейт" деп чычалай башташкан. Анан мен:

"Байтору табыңа кел, күчүңө кир,
Аккула, Тайторунун изине кир.
Көктү карай сапырып, көлдүн кумун,
Казак баурларымдын түшүнө кир",
 — деп өзүбүздүн жигиттерге дем-күч берейин деген ой менен жазып койгом. Муну ээси окуп аябай ыраазы болуптур.

— Байторунун ээси менен мурда-кийин тааныштыгыңыз бар эле?

— Жок, ал киши менен мамилем болгон эмес. Мен аламан байге көрүп жүргөм. Мени издеп муфтийдин орун басары Замир Ракыев аркылуу чыкырышты. Барып жолукканда аябай ыраазы болуп "жанагы саптарды окуп бир сыйра ыйладык. Аалы, сендей жигиттер ат үстүндө жүргөнү жакшы. Сарайымда жалаң күлүк тайлар бар, ошонун бирөөсүн сага мингизейин, мындан ары байгелерди чогуу утуп, намыс талашып жүрөлү" деди. Бул да Кудайдын бергени, берешен адамдар экен, аларга да Кудай арттырып берсин. Ал тайды дагы алдым да ипподромго алып келип, берки аттын жанына байлап койдум. Ошондон бери үйдө эмес, ипподромдо жашап жатам.

Известный кыргызский акын Аалы Туткучев на III Всемирных играх кочевников
© Фото / Улан Эралиев
Туткучев: эки тулпарды тең Бишкекке алып келип, сарайга киргизип койдум. Ошондон бери үйдө эмес, ипподромдо жашап жатам

— Байтору байгеге жеттиби анан?

— Күлүктөр 22 чакырымга чуркап, Чолпон-Атадагы ипподромду 12 ирет айланды. 10-айлампага келгенде Мурагер Байтору менен тең тайлашып, жада калса алдына өтүп кетти. Ошол кезде биз "кокуй, кандай болот эми" деп тыбырчылай баштадык. Ал эми Көлдөгү "Асанбек ата" жылкы чарбасындагы Жеңиш Батыркуловдун Ханкүрөң деген күлүгү сап баштап жүргөн. Бирок натыйжада Байтору марага биринчи келип баарыбызды сүйүнттү. Ал эми казактардын Мурагери алтынчы болуп калды.

Байторунун ээси Турсунаалы ата 70 жашты таяп калган киши экен. Элден угушума караганда буга чейин эчен байгелерди утуп толкунданбай, ошондо көзүнө жаш алып ийиптир. Байтору төрт жашта. 2016-жылдагы Көчмөндөр оюндарында кунан чабыштан баш байгени уткан. Буга чейин казак баурлар 60 миң долларга сураганда акчадан да намысты бийик коюп сатуудан баш тарткан. Ал эми кунан жарыштан Зара деген күлүгү да биринчи болуп келиптир. 

P.S. Көчмөндөрдүн улуу күрөшүндө бир гана эреже болду, каршылаш балбанды көтөрүп жерге чабуу керек, эч кандай упайлар каралган эмес. Кармашкандар салмагына карап бөлүнбөйт. Анткени байыркы заманда тараза болгон эмес, алптар гана жеңишке жеткен. Экинчи, үчүнчү жана башка орундар каралбай абсолюттук жеңүүчүсү аныкталат. Себеби күрөштө Улуу жеңүүчү — бирөө, утулгандардын баары — бирдей.

Бул күрөштүн жол-жобосу менен кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынын таанышыңыз.

Белгилер:
аргымак, байге, акын, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Аалы Туткучев
Тема:
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)
Тема боюнча
Аргымактар алкынып, туягынан от чыкканда. Ат чабыш жана жорго салыштын эрежеси
Кара жаак акын Аалы Туткучев тууралуу кызыктуу 9 факты
Көчмөндөрдүн улуу балбаны аныкталып, 1 млн. сом жана аргымак тартууланды
Жаа аткан ажарлуу монгол кызы: Кыргызстанга дагы көп жаачыларды алып келем
Бишкектеги Өлбөс полк акциясы. Архив

Башкы санитардык дарыгер: быйыл Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү өтпөйт

(жаңыланган 13:37 23.04.2021)
Дарыгердин айтымында, "Өлбөс полк" жүрүшүн токтотууга шаарда эпидемиологиялык абалдын начарлап бара жатканы себеп болууда.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Быйыл Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшүнө уруксат берилген жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан редакциясына борбор калаанын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев билдирди.

Анын айтымында, акцияны өткөрүүгө тыюу салуу чечимин шаардык Эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиясы кабыл алды.

Кундашев эске салгандай, быйыл Бишкек шаарынын күнү (29-апрель) жана Жеңиш майрамы (9-май) массалык түрдө майрамдалбай турган болгон.

 Главный врач Центра санэпидемнадзора Бишкека Кубан Кундашев выступает на брифинге
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
Борбор калаанын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев
"Вирус жугузгандардын саны өсүп бара жатат. Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлиги май жана июнь айында коронавирустун үчүнчү толкуну болот деп божомолдоодо. Массалык иш-чараларга уруксат берип койсок, санитардык эрежелер бузулушу мүмкүн", — деди дарыгер.

Ал эми Россияда "Өлбөс полк" жүрүшүн эки форматта өткөрүү каралып жатат. Алгачкысы 9-майда онлайн-форматта, экинчиси 24-июнда реалдуу форматта өтүшү мүмкүн.

Белгилер:
Кубан Кундашев, "Өлбөс полк" акциясы, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Жеңиш күнүнө арналган республикалык көк бөрү мелдеши Таласта өтөт
Улуу тоолор басмаканасы кол өнөрчү Айдай Асангулованын Элечек китеби

Салттуу баш кийимди даңазалаган "Элечек" китеби улуттук сынактан баш байге алды

(жаңыланган 13:39 23.04.2021)
"Элечек" китеби — сүрөтчү, дизайнер Айдай Асангулова башында турган "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун көп жылдан бери чогулткан эмгегинин жыйынтыгы.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. "Улуу тоолор" басмаканасы сүрөтчү, дизайнер Айдай Асангулованын "Элечек" китебин басып чыгарганы үчүн "Китеп искусствосу" сынагынан баш байгени алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине сыйлык ээлери маалымдады.

Руководитель проекта Кийиз дүйнө — көчмөн руху Айдай Асангулова со своей книгой Элечек занявшим первое место в национальном конкурсе Искусство книг
© Фото / Доолот Рысбаев
"Улуу тоолор" басмаканасы кол өнөрчү Айдай Асангулованын "Элечек" китебин басып чыгарганы үчүн "Китеп искусствосу" сынагынан баш байгени алды

Алардын айтымында, аталган улуттук сынак типографиялар арасында өткөрүлгөн. Басма баш байгени "Алтын мукаба" номинациясында алган. Иш-чара жылда уюштурулат.

Книга руководителя проекта Кийиз дүйнө — көчмөн руху Айдай Асангуловой Элечек занявшее первое место в национальном конкурсе Искусство книг
© Фото / Доолот Рысбаев
"Элечек" китеби — кол өнөрчү Айдай Асангулова башында турган "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун көп жылдан бери чогулткан эмгегинин жыйынтыгы

"Элечек" китеби — сүрөтчү, дизайнер Айдай Асангулова башында турган "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун көп жылдан бери чогулткан эмгегинин жыйынтыгы. Аталган фонд кыргыздын салттуу элечегин жайылтуу максатында иштеп, аялдардын баш кийимин ийне-жибине чейин изилдеп келе жатат. Аталган китепте элечектин 20 түрү, алардын келип чыгуу тарыхы менен кошо башка да салттуу кийимдер тууралуу маалыматтар бар. Эмгектеги маалыматтар көздүн жоосун алган сүрөттөр менен коштолгон. Китеп кыргыз, орус, англис тилдеринде чыккан.

Белгилер:
басмакана, эмгек, сынак, китеп, элечек
Тема боюнча
Кыргыз аялынын ич кийиминен сырт кийимине чейин. Көчмөн модасынын сырлары
Май куйуучу станция. Архив

Россия бензин баасын тизгиндейт. ЕАЭБде мунайдын кымбаттоосу токтойбу?

Россия бензиндин баасын кармап туруу жана ички рынокту турукташтыруу боюнча жаңы чараларды көрүүдө. Өлкөнүн өкмөтү бензиндин экспортуна утурумдук чек коюу боюнча да ойлонуп жатат.

Экономисттер Россия бийлиги жасаган кадамдардын шарапаты Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөсүнө да тийиши мүмкүндүгүн айтууда.

Россиядагы бензиндин баасын тизгиндөө иши ЕАЭБ өлкөлөрүнө да таасирин тийгизерин Sputnik иликтеп көрдү.

Баанын көтөрүлүшүнө себеп боло турчу нерсе

Россиянын Финансы жана Энергетика министрликтери Россиянын ички отун рыногу үчүн демпфердик механизмдин чен өлчөмдөрүн жөнгө салуу боюнча өз ара макулдашты. Бул туурасында аталган ведомствонун шейшемби күнү, 20-апрелде, биргелешип жасаган билдирүүсүндө айтылган.

1-майдан тарта ички рынок үчүн бензиндин индикативдик наркы (өкмөт аныктаган дүң баа — ред.) өзгөрүп, ал 4 миң рублге чейин түшөт. Учурда анын баасы бир тоннасына 56,3 миң сом. Мындан сырткары, 2023-жылдын 1-январынан тарта бензиндин базалык наркы жыл сайын азыркы 5 пайыздын ордуна 3 пайыздан гана индексация болуп турат.

Демпфер биринчи ирет 2019-жылы ишке кирген. Максат — 2018-жылдагы отун кризисинин кайрадан кайталанышына жол бербөө эле. Анда мунайдын дүйнөлүк рынокто кымбаттап кетишинен улам Россияда бензиндин наркы жогорулап, өкмөт нефть компаниялары менен сүйлөшүп, бааны "тоңдуруп" коюуга аргасыз болгон.

Демпфердик механизмде чет жактагы кымбат мунайдан улам нефтини кайра иштетүүчү россиялык компаниялар кенемте алат, төлөгөн салыгынын кайсы бир бөлүгү аларга кайтарып берилет. Бул төлөмдөр мунайчыларга дүйнөлүк баадан чочулабай, продукцияны ички рынокко алып келүүгө түрткү берет.

Мындай система бензиндин баасын өзүнүн чен өлчөмү менен гана көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Мунайдын наркы инфляциянын жылдык деңгээлинен жогору өспөйт (2020-жылы өсүш 2,5 пайызды түзгөн, бул инфляциядан эки эсе төмөн), бирок дүйнөлүк баа ылдыйлаганда арзандабайт. Ошентип баа кескин "чайпалганда" да ички рынок корголгон боюнча калат.

Демпфердин өзү индикативдик эсеп жана сырткы рыноктогу актуалдуу баа менен каралат. Индикативдик баанын боло турган төмөндөөсү (тоннасына 56,3 миң рубль) деген нерсе, продукцияны дүйнөлүк баанын шартында ички рынокко алып келгенде мунайчылардын (компаниялар) кайра кайтарылган төлөмдү көбүрөөк алгандыгы. Sputnik собол узаткан эксперттердин пикиринде, мындай кадам Россиянын ички рыногунда бензиндин баасынын көтөрүлүшүн токтотууга мүмкүнчүлүк берет.

"Өкмөт кенди казууга коюлган салыкты жогорулатат. Ал арада рубль түшүп, нефть кымбаттоодо. Эгерде индикативдик бааны ылдыйлатпаганда, өлкөнүн ичине ташып келүү демпфер жасаганда деле пайдасыз болуп калмак. Андыктан муну рыноктун учурдагы шарт-абалына ылайыкташтырышты. Бензин эми арзандабай калды, бирок анын кымбатташы, кыязы, жакынкы күндөрү токтошу мүмкүн", — деген божомолун айткан Улуттук энергетика институтунун директорунун орун басары Александр Фролов.

Россиянын рыногуна удаа эле... башкалары

Быйылкы жылдын башынан тарта Евразиялык экономикалык биримдиктин мамлекеттеринде да бензиндин баасы асмандаган.

Өткөн жылы АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир литрине Арменияда 2,64 пайызга, Кыргызстанда 4,3, Казакстанда 6,5, Беларуста 1,4 пайызга өскөн.

Ушул эле мезгилде АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир литрине Арменияда 6,2 пайызга, Кыргызстанда 6, Казакстанда 7,9, Беларуста 1,16 пайызга көтөрүлгөн.

Армения менен Кыргызстандын рыногундагы мындай абал бул мамлекеттердин нефтини өз алдынча кайра иштетпегендигинен, аны Россиядан сатып алгандыгынан улам жаралган. Андыктан аталган продукциянын наркы мунайды кайра иштетүүчү россиялык заводдор берген баага байланыштуу болот.

Демпферди жөнгө салуу Россиянын рыногун тойгузушу, тагыраагы, толук камсыздашы керек. Ошондо гана Кыргызстанга бериле турган россиялык бензиндин наркынын түшүшүнө жагымдуу шарт түзүлөрүн Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирген.

"Кыргызстанда бензиндин кымбатташы Россия рыногундагы дефициттин кесепети. Россияда нефть продукцияларынын тартыштыгы байкалары менен баа бир аз көтөрүлө түшөт. Бизде да мындай көрүнүш кездешип жатат, бирок бул Кыргызстанда масштабдуу болууда. Себеби бизде демпфер жок эмеспи. Кыргызстандагы нефтетрейдерлер анча кубаттуу эмес, алардын мунайды көп көлөмдө сактап турууга шарты жок, бааны жөнгө салууга кудурети жетпейт. Демпфердин жаңы чен-өлчөмдөрү бизге да шарапатын тийгизет деп өтө ишенип турабыз. Россияда бул жаатта тартыштык жок болсо, Кыргызстан бензинди арзаныраак ала баштайт", — деп түшүндүргөн Сыдыков.

Дал ушундай эле көз карашын Кыргызстандагы Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов да билдирген. Анын айтымында, өлкөдөгү отун рыногу Россия рыногунун артынан эле ээрчийт.

"Россия продукция берген бирден-бир тарап болгондуктан, биздин рынок Россияныкынан толук көз каранды. Эгерде аларда баанын өсүшү токтосо, бир нече жума айырма менен бизде да ошондой абал болуп, турукташат. Россиялык заводдор пайдалуу кенди казганы үчүн ири салыктарды төлөгөндүктөн, жыл башынан тарта бензиндин сатык баасы 4-6 пайызга өсүп кетти. Эгерде салыкчылар көбүрөөк акча кайтарып берсе, мунайды кайра иштеткен заводдор продукцияны бир аз арзаныраак сата баштайт", — деген Эшатов.

Арменияда деле ушундай абал. Республиканын рыногундагы отун продукцияларынын баасын Кыргызстандагыдай эле факторлор аныктап жатат. Алар да мунайда кайра иштете албагандыктан Россиядан келе турган нефтиге көз каранды болуп отурат.

Ал эми Казакстанда абал, тескерисинче, жергиликтүү кубаттуулуктан улам отунга болгон бардык муктаждыктарын жаап алган. Эгерде 2018-жылга чейин ачык түстөгү мунай заттарын (бензин, керосин жана дизель – Sputnik) Россиядан арбыныраак, 500 миңден 1 миллион тоннага чейин алып турган. Бирок кийинки убакта кадыресе азайтканын (2019-жылы 20 миң тоннага жакын, ал эми 2020-жылы 2 миң тоннанын тегерегинде) экономикалык баяндамачы Сергей Домнин айтып берди.

"Казакстан менен Россиянын экономикасындагы, нефть рынокторундагы өз ара байланыштарга жана жалпы чек арага карабастан обочолонуп турат. Өлкөлөрдө мунай зат боюнча рыноктун ар башка схемадагы иши, кайра иштеп чыгуудагы баалардын ар түрдүү болушу, акциз төлөмдөрү жана бензиндин чекене баасы ар башка. Казакстанда бензин ички факторлордон улам кымбаттоодо (мунай заттары менен нефтинин экспортунун көбөйүшү, салыктын өсүшү — ред.). Андыктан Россия рыногундагы кырдаал бизге таасирин тийгизе албайт", — деп эсептейт Домнин.

Россиядагы демпфер Беларустагы бензиндин кымбатташын токтото алышы арсар. Республика продукцияны мунайды кайра иштетүүчү эки заводдон чыгарат. Алар ички муктаждыкты канааттандыра турган көлөмдө (ал тургай экспортту да) гана өндүрөт.

Январдан февралга чейин 1,68 миллион тонна мунай продукцияларын сыртка саткан. Бул былтыркыга караганда 2,3 эсе көп. Ири импортёрлор Украина (546,5 миң тонна), Европа биримдиги (940,2 миң тонна) жана Улуу Британия (138,7 миң тонна) болгон.

Беларусь стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти Алексей Авдониндин айтымына караганда, аларда бензиндин кымбаттап кетишине мунай заттарынын дүйнөлүк кымбаттоосу таасир этти. Ал эми Россиядагы демпферди жөнгө салуу бул тенденцияны өзгөртө албайт.

Жаңы пайда

Россиянын вице-премьери Александр Новактын суроо-талап кайнап турган учурда бензиндин сыртка чыгарууга тыюу салынбайт деген билдирүүсү Россиянын ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрүнүн абайлаган оптимизмин жандандырышы мүмкүн.

"Бул маселени жакында талкуулайбыз. Энергетика, Экономикалык өнүгүү министрликтеринин, Монополияга каршы федералдык кызматтын сунуштарын угуп, чечимди биргелешип кабыл алабыз. Себеби анын терс таасирлери болушу мүмкүн, тагыраагы, компаниялар өндүрүш көлөмүн төмөндөтүп жибериши ыктымал", — деп айтканын "Интерфакс" агенттиги жазган.

ЕАЭБ мамлекеттерине мындай тыюу салуу киреби же жокпу Новак так айткан жок.

Sputnik сурамжылаган эксперттердин пикиринде, экспорттук кандай гана чектөөлөр болбосун соңку жылдардагы тажрыйба көрсөткөндөй Бажы биримдигинин курамындагы мамлекеттерге тиешелүү болбойт.

Мындай болгон учурда Армения менен Кыргызстанга бериле турган бензиндин көлөмү азайбастан, көбөйүшү мүмкүн. Жыйынтыгында демпфердин жаңыланышы менен кош натыйжа болуп, отун рыногу толот. Бул — бензинди эң акыркы болуп колдонгондордун чөнтөгүнө, тагыраагы, бензиндин баасына оң таасирин тийгизет.

Белгилер:
мунай, эксперт, кымбаттоо, баа, бензин, Беларусь, Казакстан, Армения, Россия, Кыргызстан
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан