Туристтик милициянын катарына эл ичинен кызматкерлер изделип жатат

Жазылуу
Чет тилдерди билген талапкерлерге артыкчылык берилет.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Бишкек ШИИБи туристтик милициянын курамында инспектор болуп иштей турчуларды издеп жатат. Бул тууралуу Бишкек милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Талапкерге бир нече талап коюлган:

— жогорку билим;

— курагы 35 жашка чейин;

— талапкерлер жана анын жакын туугандары мурда соттолбошу керек;

— аялдардын бою 168, эркектердики 170 сантиметрден жогору;

— чет тил билиши шарт (англис тилине артыкчылык берилет);

— аскердик билет.

Кошумча маалымат алуу үчүн Бишкек ШИИБинин кадрлар бөлүмүнө Васильев шоссеси, №1 дареги же (0312) 34-54-98, (0703) 93-11-53, (0707) 90-77-11 телефондору аркылуу кайрылууга болот.

Туристтик милиция өлкөдөгү туристтик аймактарда иш алып барат. Аталган бөлүмдү ушул жылдын аягына чейин элге тааныштыруу пландалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0