№95 мектептин мугалимдери директордун айынан иш таштадыбы? Башкармалыктын жообу

Жазылуу
Мугалимдердин нааразы болуп жаткандыгы тууралуу социалдык тармактарда жазылган.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Бишкектеги №95 орто мектепте иш өз нугунда жүрүп, сабактар өтүлүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынын алдындагы Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова журналисттерге кабарлады.

Буга чейин социалдык тармактар менен мессенджерлерде аталган мектептин мугалимдери директордун кызматтан алынганына байланыштуу нааразычылык акциясына чыгууну пландап жатканы боюнча билдирүүлөр тараган.

© скриншот с мессенджера WhatsAppWhatsApp мессенджериндеги жазышуу
Переписка в мессенджере WhatsApp - Sputnik Кыргызстан
WhatsApp мессенджериндеги жазышуу

Мейрманова бул кызматтан алуу эмес, кадрдык ротация экенин түшүндүрдү.

"Бул жөн гана кадрдык ротация. Биз, шаардыктар, жетекчилерди алмаштыруу керек деп айтып жатабыз го. Учурдун талабын аткардык", — деди Мейрманова.

Анын айтымында, мектеп директорунун дарегине кайсы бир коррупциялык иштерге аралашуусу боюнча сындар айтылганын уккан.

"Бирок бул субъективдүү пикир. Андыктан муну ротация катары түшүнгүлө. Негизи ишинде чабалдарды гана эмес, чыныгы кесипкөйлөрдү дагы алмаштырыш керек да", — деп кошумчалады жетекчи.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдиргендей, бүгүн айрым ата-энелер балдарын кайра үйүнө алып кетип жатат.

"Жал" кичирайонунда жайгашкан бул мектеп Кытай грантынын эсебинен бир жыл мурда курулуп бүткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0