Көмүр кымбатташы мүмкүнбү? Кара алтындын баасы жана аны саткан жайлар

Жазылуу
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети калкка суук түшкөнгө чейин көмүр сатып ала баштагыла деген эскертүү берди. Белгилей кетсек, былтыр кара алтындын баасы мурдагы жылдарга караганда кымбатыраак болгон.

Быйылкы жылы көмүрдүн наркы кандай болот, кара алтынды кардарлар азыр кайдан жана канча сомго ала алат? Sputniк Кыргызстан агенттигинин кабарчылары ушул суроолорго жооп издеди.

Аймактардагы көмүрдүн азыркы наркы

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын пландоо бөлүмүнүн адиси Нурлан Омошевдин айтымында, күн жылуу болгондуктан азыр көмүрдүн баасы туруктуу. Керектөөчүлөр учурдан пайдаланып кышка камынып албаса, суук түшөөрү менен анын баасы 500-1000 сомго чейин жогорулап кетиши ыктымал.

"Бардык тургундарга эртерээк көмүр алып, кышкыга кам көрө баштагыла деп эскертүү берип жатабыз. Себеби бир кар түшсө эле дароо баа көтөрүлүп кетет. Анткени кар жааганда жол тайгак болуп, көмүр кенинде да кезек көбөйө баштайт. Мындан улам айдоочулар, көмүр ташыган компаниялар ошол кызматтарын кошуп наркты көтөрүп жиберет. Мисалы, азыр Кара-Кече көмүрү 3000 сом болуп жатса, кар жаагандан кийин 4000ге чыгышы толук мүмкүн", — деди Омошев.

Кара алтындын учурдагы наркына токтоло турган болсок, Бишкек, Чүй, Ысык-Көлдө көпчүлүгү Кара-Кече жана Казакстандын Кара-Жыра, Шабыркүл көмүрлөрү сатылат. Учурда Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы Чүй, Бишкекте 2800дөн 3500 миң сомго чейин сатылып жатса, Көлдө 3000 сомдон өйдө бааланууда. Ал эми Казакстандын көмүрлөрүн 4000 сомго алса болот.

Лонгрид: Күйөөмдүн көмгүдөй эч нерсеси калбаптыр... - Sputnik Кыргызстан
Күйөөмдүн көмгүдөй эч нерсеси калбаптыр... Сүлүктү. Шахтерлор шаарынан 8 баян
Нарын облусу Турук жана Кара-Кече көмүрүн алат. Тоолуу аймакта Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 2700дөн 3000 сомго чейин сатылса, Турук көмүрүнүн наркы 2800дөн 3200 сомго чейин болууда.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары Сүлүктү жана Таш-Көмүр көмүрлөрүн алышат. Учурда түштүк аймактарда Сүлүктү көмүрүнүн бир тоннасы 3500 сомдон 7000 чейин, ал эми Таш-Көмүрдөн чыккан кара алтын 7000 сомдон кем эмес. Баса, былтыр ноябрь айында Ошто Сүлүктү көмүрүнүн баасы 12 миң сомго чейин жогорулап кеткен.

Кара алтындын баасы быйыл кымбаттайбы?

"Кыргызкөмүр" мамлекетттик ишканасынын башчысы Канатбек Ашырбаевдин айтымында, быйыл көмүр жетиштүү болот, андыктан анын наркы жогорулап кетиши мүмкүн эмес.

© Sputnik / Асель Акматалиева"Кыргызкөмүр" мамлекетттик ишканасынын башчысы Канатбек Ашырбаев
Директор ГП Кыргыз Комур Канатбек Ашырбаев - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызкөмүр" мамлекетттик ишканасынын башчысы Канатбек Ашырбаев

"Буюрса 2018-2019-жылкы кышкы сезонго даярдык жакшы. Өкмөттүн токтомуна ылайык, быйыл жалпы 2 миллион 300 миң тонна көмүр даяр болушу керек. Анын 1 миллион 83 миң тоннасы калктын керектөөсүнө жумшалса, 1 миллион тоннасы ТЭЦге, 246 миң тонна көмүр бюджеттик социалдык мекемелерге жумшалат. Азыркы учурда Бишкекке 120 миң тонна көмүр келип түштү. Казакстандын көмүрлөрү эми келе баштайт", — деди Ашырбаев.

Ал былтыркы жылы кыргыз-казак чек арасы жабылганы менен көмүрдүн наркы көп деле кымбаттабаганын айтты.

Работа ТЭЦ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкек ТЭЦине дагы 1,2 млн. доллар жумшалат. Акча эмнеге кетет?
Эске салсак, өткөн жылы 16-ноябрда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков өлкө аймагында сатылуучү көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө токтомго кол койгон. Маалымат боюнча атайын токтомдун негизинде 90 күн ичинде көмүрдүн баасы көзөмөлдөнүп турушу керек. Токтомдо алып сатуучулар коюлган баага баш ийбесе аларга административдик айып пул салынат деп жазылган.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги көмүрдүн баасы быйыл да көзөмөлгө алына турганын айтып, кардарлар көмүрдүн наркын көтөрүп саткан ортомчуларга туш болуп калса агенттик тынымсыз байланышта болорун кошумчалады. Ишеним номерлер кийинчерээк берилет.

Бишкек шаарындагы көмүр сатылган жайлардын даректери жана телефондору

Ленин району

Мурманск көчөсү, №1а, "Ак-Жол" ЖЧКсы. Телефону: 35-22-52

Мурманск көчөсү, №59а "Торг-Синтез" ЖЧКсы. Телефону: 35-74-88

Гагарин көчөсү, 67

Гагарин көчөсү, 86

Биринчи Май району

"Көлмө" жаңы конушу, Махатма Ганди көчөсү. Бакыт Шакиров. Телефону: 0709228583

Профессор Зима жана Архитектор көчөлөрүнүн кесилиши

Саадаев менен Чүйдүн кесилиши. Түгөлбай Жумабаев. Телефону: 0770474790

Мурас-Ордо көчөсү, 54

Профессор Зима менен Архитектор көчөсүнүн кесилиши, Максат Камбаров. Телефону: 0708424761

Свердлов району

Достоевский көчөсү, "Восход жана К" ЖЧКСы. Телефон номерлери көрсөтүлгөн эмес.

Октябрь району

"Төкөлдөш" жаңы конушу, "Аламүдүн" станциясы. 

Өлкөнүн башка аймактарында көмүр сатылган жайлардын даректерин "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын расмий сайтынан таба аласыздар.

Эскерте кетчү жагдай, көмүр саткан ишкерлердин телефон номерлери улам алмашып тургандыктан, маалымат жаңыланып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0